Бардык жаңылыктар

Израиль бир жылда үчүнчү жолу парламенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялады

Израилде бир жылда үчүнчү жолу парламенттик шайлоо дайындалды. Кнессеттеги фракциялар башкаруучу коалиция курай алган жок, буга байланыштуу депутаттар өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу "Гаарец" гезити жазды.

Буга чейинки шайлоо 17-сентябрда өткөн. Анын жыйынтыгында "Ликуд" партиясы 31 орун, "Кахоль-Лаван" 33 орун алган. Бардыгы болуп Кнессетте 120 мандат бар.

21-октябрда өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттү өз мөөнөтүндө курай албасын билдирген соң, бул укук оппозицияга берилген. Бирок атаандашы да башкаруучу коалицияны түптөй алган жок.

Быйыл май айында Израилде биринчи парламенттик шайлоо өткөн. Анда да премьер-министр коалиция курай алган эмес. Келерки добуш берүүнү 2020-жылдын 2-мартында өткөрүү пландалууда.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!