Бардык жаңылыктар

Украинада Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон өзбек жоокерлеринин сөөгү табылды

Украинада Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон эки жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу издөө отрядынын ыктыярчылары билдиришти.

Алардын айтымында, өлкөнүн Ровненский районундагы токойдо табылган сөөктөр Анжиян облусунда аскерге чакырылып, 1941-жылы согуштун алгачкы күндөрү курман болгон эки өзбекстандыкка таандык. Алардын жанынан аты-жөнү жана кайсыл аскер бөлүгүнөн чакырылгандыгы тууралуу маалыматтар жазылган медальондор табылган.

– Эки жоокер тең Өзбекстандын Анжиян облусундагы аскердик бөлүктөн чакырылган. Бирөөсү Мамадалиев Туйчибай, 1915-жылы Пахтаабад районунда туулган. Катардагы жоокер болгон. Экинчиси Халиков Кувонбой, 1919-жылы туулган. Алар немистердин 1941-жылдын июль айындагы минометтук аткылоосунда снаряддын сыныктары тийип курман болгонун аныктадык. Жоокерлердин жанында күрөк жана суу ичүүчү флягадан башка эч нерсе болгон эмес, — деп билдиришти ыктыярчылар.

Алар жергиликтүү мечитке кайрылып, өзбек жоокерлерди ислам эрежелери боюнча жерге берүүгө жардамдашууну өтүнүшкөн.

Ровненск облустук мечиттин имамы Абдул Карим эгер Өзбекстанда маркумдардын туугандары табылбаса, алар Украинада жерге берилерин билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Өзбекстандын калкы алты миллион адамга жеткен. «Нуроний» фондунун маалыматына караганда, совет армиясынын катарына 1,5 миллионго жакын өзбекстандык чакырылган. Согушта 420 миң өзбек жараны курман болуп, дайынсыз жоголсо, 640 миңи жаракат алган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!