Бардык жаңылыктар

Каримованын адвокаты Башкы прокуратуранын айыптоосу ойдон чыгарылганын билдирди

10-декабрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжанын (Gregoire Mangeat) өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.

Башкы прокуратура адвокатты өзбек түрмөлөрү тууралуу жалган маалымат таратууга, ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланып, адвокатуранын этикалык нормаларын бузууга айыптаган.

Швейцариялык адвокаттын 11-декабрдагы кайрылуусунда коомчулукту адаштыруу үчүн негизсиз айып тагылып жатканы айтылган.

Адвокаттын пикиринде, Каримова швейцариялык банктарда тоңдурулган 555 миллион долларды Ташкентке кайтарууну токтотууга аракет жасаганы үчүн өзбек бийлиги ага дал ушундай ыкма менен жооп кайтарууда.

Грегуар Манжа каржы кылмыштарына айыпталган адамдарды коргоого багытталган Швейцариядагы юридикалык фирманын ээси. Ал «Твиттер» баракчасындагы акыркы билдирүүлөрүндө Гүлнара Каримовага карата кыйноо болуп, анын иши боюнча сот ачык-айкын өтпөй жатканын жана аны менен жолугушуусуна түрдүү тоскоолдуктар жаралганын жазган. Мындан тышкары Ташкент облусундагы Зангиата колониясында кармалган башка аялдардын дагы абалы оор экенин айткан.

Швейцариялык адвокат Гүлнара Каримова менен акыркы жолу 2019-жылы июнда жолукканын, андан кийинки өтүнүчтөрү четке кагылганын билдирген.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады