Бардык жаңылыктар

Адилеттиктен тайган Адилет министрлиги же “мыңкылдаган” Жаманкулов

Улут наркы – улуу тил деген кеп бар. Бирок, улуттун тилин чанган, дилин чанган чала «киргиздер» арабызда арбып бара жатат. Дегеним, Адилет министри Марат Жаманкулов тууралуу жазып атып да, айтып айтып да чарчадык. Министрликте кыргыз тили өгөйлөнүп атканы боюнча. Өзү кыргыз мамлекетинин министри, кыргыз уулу болуп туруп улуттун тилине карата караманча кайдыгер мамиле жасап, анысы аз келгенсип, улуу тилди келекелеген министр «Маратиктин» мындай кылыгына эмне деп баа бериш керек, өзү? «Балкондо» чоңойгон Марат Жаманкулов кыргыз тилин өстүрмөк түгүл, өгөйлөп атканы, жыйындын баарын орус тилинде алып барып, кыргызча сүйлөгөндөрдү «мырк» дегени жалганбы? Мындай тилбезээр, улутчанаар уйгактарды мамлекеттин бийик бутактарына «кооз чымчык» кылып олтургузуунун канчалык зарылдыгы бар? Коомчулук бул «космополит» эргулга баа бериш керек! Эгер мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабаса, сыйламак тургай уруп ойнобосо анда Жаманкуловдон дагы кандай жакшылыкты күтсөк болот? «Так что», Марат мырза, арыдан бери болбойлубу!

Булак: “Де-факто”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!