Бардык жаңылыктар

Осмонбетов оңбой калдыбы?

Карапайым жарандан тарта, мамлекет башчыга чейин катуу сынга алган чөйрөнүн бири өлкөнүн кен иштетүү тармагы. Бул жерде иштин чыныгы абалы кандай? Бул суроого жооп издегенде, «балык башынан сасыйт» деген макал эске келет. Айталы дегенибиз, жетекчиси жарашса, жагдай башкача болот беле, мекеме жетик болот беле деген кеп. Же Эмил Осмонбетовдун эңсегени ээлеген эле кызматыбы, айтор кылган иши эч көрүнбөйт. Ал арада кен компаниялардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү экологиялык да, экономикалык да маселелер толуп жатат. Иштей турган иш арбын. Бул тууралуу өкмөт башчы көп эле жыйындарда көзгө сайып көрсөтүп, талапты таамай коюп, а түгүл сөгүш берген да күндөр болду. Анткен менен Осмонбетовдун табити ишке тартпай койду дегеле. Ызы-чуулуу кендер, дүрбөткөн уран, эптеген энергетика, эртеңинен күмөн санаткан өндүрүш. Ушул сыяктуу кескин сындардын сабына бул төрага качан чекит коеру белгисиз. Бул жаатты оңдоого тамыры тармакка терең сиңген коррупция тоскоол болуп жатканын мамлекет башчы өзү да айткан. Эми Эмил мырзанын деми жана аракети менен өнүгө турган багыт мына минтип аксап жатат. Буга чейин жергиликтүү бийлик менен иштешүүнүн солгундугу калктын кен казуу боюнча катар-катар нааразычылыгын жараткан учурлар болбодубу. Эми алдыла кандай кырдаал, эмне кызыктар күтүп жатканы кабарсыз. Ошондуктан азыртан ар бир алешемдиктин тизгинин кагып, болгон жагдайдан сабак алып, эси барда, эмгекке өтпөсө, Осмонбетов оңбой турганы айдан ачык болуп калды.

Булак:Багыт.кж

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады