Бардык жаңылыктар

Баркталган Мадумаров…

Тигиндей, мындай деп кепти оңго, солго бурганыбыз менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кадыр-баркы опол тоодой экенине жакында күбө болдук. Эгерде анын көмүскө жактары арбын болгондо Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев аны менен жолугушуп баарлашмак түгүл саламга келбей коймок, туурабы? Негизи Нурсултан Назарбаевдин деле Адаханга көзү түз экенин баары билбесе да саясатчылардын көзүрлөрү билишет. Албетте, эл башкаргандар бири-бирине назарын буруп, ички туюмунда анын ким экендигине көңүлүн жуутушат. Кезинде жогоруда кеп кылган эки адам карым-катнашта болгонунун өзү көп нерседен кабар берип турат. Эски тааныштардын сүйлөшө турган маселелери арбын экендиги талашсыз. Бул ирет айталбай калганын Мадумаров Нурсултан шаарына барып жөндөп алары айтпаса да түшүнүктүү. Акыйкатына токтолсок Бишкектеги жолугушуу таасирдүү экенин танууга болбойт. Демек, мамлекетти учурда башкарып жаткан Сооронбай Жээнбековго бул чоң кагылган коңгуроо болду десек жаңылбайбыз. Өзү кийлигишпесе да кошоматты куп үйрөнгөндөр Адаханга “корозчо” үрпөңдөй береээринде кеп жок. Бирок, алардын текирең таскагын Мадумаров тоотпой калды го…

Булак: Ачык сөз


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!