Бардык жаңылыктар

Мирслав Аманкулов токой-чарбаны «кемирип» баштадыбы?

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу «Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин» жетекчиси Мирслав Аманкулов тууралуу ɵткɵн жумада жазганбыз. Дагы жазып атабыз. Анда айтылгандай Аманкулов бир учурда Жалал-Абаддын областык токто-чарбасына директор болгон. Жɵн иштебей, ал жактагы кымбат баалуу деп эсептелген жаңгактын тамырларын (каптарды) сатып жиберип, ал боюнча иш козголгонун жаздык эле. Үн ката элек. Демек, унчукпаганы макул болгонубу? Ошондой эле Мирслав мырза бул орунга кандайча келип калган деген суроого жооп таппай атканбыз. Кɵрсɵ Мелис Турганбаевдин кан кудасы экен. Тактап айтканда Аманкуловдун кызын Турганбаев келин кылып алыптыр. Ошондо логикалык жактан караганда кудасын ортого салып атып токой-чарбанын «ээрине» минген болобу? Куданын арты менен кызматка келген болобу? Мейли, келсе келсин, келгенден кийин иштесин да. Областтык, райондук токой-чарба тармагынын жетекчилерин жарга такап, капчыгын кампайтпай. Бул боюнча кеңири сɵз кылабыз. «Андай эмес, эч кимден эч нерсе алган жокмун»-десе жооп берсин, анын да жообун угалы. Бирок, айта албайт го, ыя?..

Булак:ЧЫНДЫК


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады