Бардык жаңылыктар

Американын агенттери Кыргызстанды Сирияга айлантабыз деп жатат, ойгонгула мекендештер!

Мен албетте аналитик эмесмин, бирок анализ кылууга жана салыштырууга денгээлим жетет. Бизде, мурда болбогондой жаӊы түшүнүктөр пайда болду. Анан мурда биз байкабагандай коомдун өкүлдөрү активдешип баштады. алар, Американын таасириндеги “балконскийлер”, ЛГБТ мүчөлөрү жана жылаӊач баатыр “эжелер”. Булар бир ооздон эле “адам укуктары, сөз эркиндиги” деп кыйкырып жатышат. Эмне бизде адам укуктары тебеленип жатабы? Аялдарга басмырлоо болуп жатабы? Кыргыз аялдарынын укуктары чексиз, бийликке бара алат, депутат болуп шайлана алат, чоӊ кызматтарда отурат, анча-мынча эжелерибиз күйөсүн чокуга чаап отургузуп койгондор дагы бар. Бирок ага карабай эле булганыч агымдын акыр-чикирлери, же тактап айтканда Феминисттер энеден туума болуп чечинип, коомдук көз караштарды кагылыштырып, элдин тынчын алып жатат. Булар акылдан айныгандарбы десеӊ, билимдүүлөр. Бирок кыргыз элинин тамырын кыркууга бел байлаган, бети кыргыз, дүйнөсү чоочун макулуктар. Эми айтайын дегеним, бизде азыр болуп жаткан коомдук процесстер 2010-2011-жылдары Сирияда, Ливияда болгон экен. Алар дагы “жоолук салынбайбыз, укуктарыбыз бар, сөз эркиндигибиз бар” деп тастаӊдап көчөгө чыгышкан. Аларды дагы азыркыга окшоп Америкалык таасирдеги НПОлору козутуп, колтугуна суу бүркүп чыгарышкан. Кырдаал бара-бара курчуп отуруп, анан социалдык жарылуу болгон. Эки көз караштагы жарандардын ортосунда тиреш жаралып, анын арты түшүнүксүз кандуу согушка айланды. Көчөгө чыгып “сөз эркиндигим, өз эркиндигим” дегендердин айрымдары баш паанек алып алда-качан Америкага кетип калышкан. Залакасы карапайым элге тийип, бүгүн жүз миӊдеген адамдардын каны төгүлгөн апаат менен уланып жатат. Сириялыктарга азыр адам укугу дагы, паранжасы, сөз эркиндиги дагы маанилүү эмес. Өлбөстүн күнүн көрүп, үй бүлөсүн сактап калуу гана амалы бар. Бирок бүтүн үй бүлө калган жок, жетим-жесирлер гана калды. Ушундай апаатты Кыргызстанга алып келүүгө аракеттер активдүү башталды. Ар кайсы шылтоону айтып, сөз эркиндиги, коррупция, адам укугу деген шылтоону бетине кармап алышып. Бул жөн гана шылтоо, бул сүйлөп жаткандар Американын куурчактары. Булардын тили сүйлөп, көзү көрөт, кебетеси кыргызга окшош, бирок жан дүйнөсү алда-качан кыргыз болбой калгандар. Гей-парадчылар, феминисттер, РЕакция кыймылы, “Азаттык” радиосу, НПОлор бардыгынын тамыры бир. Бардыгынын кожоюну Америка. Бул бузукулардын азгырыгына алынбагыла, кыргыздар көзүӊөрдү ачкыла, сак болгула апааттан. Бизге экинчи Сириянын кереги жок! Бүгүн акылыӊа келип мекениӊди сактап калбасак, эртеӊ вирус сыяктуу жайылган батыштын мусорлорунун таасиринде каабыз. Ал убакта кеч болуп калат, булар жарандык согушка алып бара жатат. “Ач бол, ток бол – бирок тынч бол” деп бекеринен айткан эмес! Тынчтыкты колубуздан чыгарып албайлы мекендештер!

Назира Бегим, журналист.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

1 комментарий
Марат
Жол бербейли, бул жыланачтар, гейлер биздин урп-адат, салттарыбызды бузуп жатышат. Утуру митинг откоруп элди болуп жарып мамлекетти бузууга алып келуудо

Энендурайындарды айдап, АКШга жонотуп ийиш керек. Биздин акырындан Сирияга кошолуп жок кылышын кутпой.
Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!