Бардык жаңылыктар

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан тогуз аскер өлдү

Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 14-декабрда таңга жуук жасалган чабуулдан кеминде тогуз аскер кызматкери курман болду.

Ошол эле учурда башка маалымат каражаттары жана “Талибан” кыймылы кол салуудан 24 адам өлгөнүн билдиришүүдө. Талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид жергиликтүү медиага жоочулар көзөмөл-өткөрмө бекетке пландалган чабуул жасаганын айткан.

Борбордук Газни провинциясынын Карабах районунда болгон окуянын башка жагдайлары кабарлана элек. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Фавад Аман иликтөө уланып жатканын журналисттерге айтты.

Расмийлердин маалыматында, соңку эки жылда Газнинин ар кайсы райондорунда ооган күчтөрүнүн ондогон кызматкерлери талибдердин чабуулунан улам мерт болгон. Адатта АКШнын жана НАТОнун аскерлерин бутага алган талибдер ооган күчтөрүнө да кол салуусун улантып келет. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!