Бардык жаңылыктар

Соттордон акыйкаттык күткөн жаран же Рахат Кулумбаев күнɵɵсүз жерден күнɵɵлүү болгонбу?

Мындан 10 жыл мурун, тагыраагы 2009-жылы: «Бир тууган агамдын уулу Рахат Кулумбаев деген кызымды зордуктап салды»,-деп Гүлмира Кулумбаева аттуу жаран сотко кайрылган. Көп убакытка созулган соттук иштин жыйынтыгы менен сот Рахат Кулумбаевди 18 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон тарап соттук ишке нааразы болуп аппелециялык арыз менен кайрылышкан. Мындан улам айрым кемчиликтеринен улам иш кайра жанданып, бул иш учурда Ленин райондук сотунда каралууда. Албетте, акыркы чечимди фемида өкүлдөрү кабыл алат. Ага эч кандай комментарий айта албайбыз. Бирок, акыйкаттык үчүн соттук иш боюнча кеңири айтып, окуяны баяндаганга гезит бетинен орун берүүнү эп кɵрдүк…



Буга чейин жергиликтүү ММКларда арыз жазган тараптын пикирлери чагылдырылган. Биз бүгүн коомчулукка экинчи тараптын пикирин жеткирүүнү эп кɵрдүк. Соттолуп жаткан Рахат Кулумбаевдин жактоочусу менен жолугуп, иш боюнча маалымат сураганыбызда бир топ фактыларды айтып берди. “Жабырлануучу өзү сотко келбей, мыйзамдуу өкүлү менен тергөөчүнүн сөзү эки башка чыгып жаткандыгында көп нерсе бар”-дейт жактоочу. Калыстык үчүн биз документтер менен дагы жактоочунун сөзүн тактап туура көрдүк. Он жылдан бери сүйрөлүп келе жаткан бул иштин кандай түйүнү бар, аны ар бир окурман журтчулугу өзү аныктап билип алаар.



Алмаз Нуралиев, жактоочу:



“Жабырлануучунун өзү сотко келбей, тергөөчү экөөнүн сөзү эки башка чыгууда”



--Алмаз мырза, Рахат Кулумбаевдин жактоочусу экенсиз. Демек, бул ишти ийне-жибине чейин билесиз. Мындан улам сизге кайрылып жатабыз. Бизге иштин эмнеден башталганын жана кандай жагдайда жүрүп жатканы боюнча кеңири айтып бере аласызбы?



--Мен Кулунбаев Жекшен Шамшиевич менен 2016-жылы таанышып калдым. Ошондо баласы Рахат жөнүндө айтып берип, анын соттук ишине жактоочу болуп бер деп суранып калды. Иштин жагдайы боюнча айта кетсем, тергөөнүн жыйынтыгы менен 2009-жылы 27-сентябрда Кулумбаев Рахат жакын тууганы (жээни) Назик Кулумбаеваны зордуктады деген айыпты угузуп, ишти сотко жөнөткөн. Узакка созулган Ленин райондук соту 2014-жылы актоо өкүмүн чыгарыптыр. Бирок, ушул эле жылы шаардык сот райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, Кулумбаев Рахатты күнөөлүү деп таап 18 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүм 2016-жылдын январь айында Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган. Бүгүнкү күндө ошол өкүмдөр жаңы жагдайларга байланыштуу бузулуп, кайра Ленин райондук сотунда каралып жатат.



--Соттук ишти кайра кароого кандай далил же эмне түрткү болгон?



--2009-жылдын 28-декабрь күнү Бишкек шаарынын психологиялык диспансер дарылоо жайынын аймагынан жердин алдына кɵмүлгɵн кофта казылып алынып, ал негизги далил буюм деп эсептелген. Себеби, кофтада Кулумбаев Рахатка тийешелүү уруктук белгиси аныкталган экен.



--Ал кофтаны жердин алдына ким көмгɵн?



--Иштин жагдайы боюнча жабырлануучу Кулумбаева Назиктин мыйзамдуу өкүлү Гүлмира Кулумбаева мен көмүп койдум деп көрсөтмө берген. Биз токтомду изилдеп олтуруп калыс болуп бере турган эки адамдын ал аймакка барбагандыгын да аныктадык. Алгач ошол ооруканада иштеген башкы дарыгерден, медайымдардан сурадык. Алардын айтымына караганда, №6 балдар ооруканасы корголуучу аймак экен. Ал жакка жетекчинин уруксаты жок тергөө амалдарын жүргүзүүгө мүмкүн эместиги аныкталган. 2009-жылы 28-декабрда эч кандай тергөөчү келип, бул жактан эч нерсе албаганын айтышты. “Оорукананын аймагына бирөө кирсе биз билмекпиз”,-деп жатышат. Мындан сырткары гидро борбордон 28-декабрь күнү аба ырайы кандай болгонун, Бишкек шаарында кар бар же жок экенин аныктаганбыз. Себеби, тергөөчү прокотол түзүп жатканда 20 сантиметр кардын астынан көйнөктү алып чыкканбыз деп жатат. Гидро борбордун айтымында ал күнү кар жааган эмес, кардын калыңдыгы 3-5 сантиметр болгон. Үчүнчүдөн, калыстарды тергөөчү жазып жатканда бирөөсүн Бишкек шаарынын Кирвоносова көчөсүнүн тургуну Темирбек Ибраимов деп көрсөткөн. Экинчиси, “Калыс Ордо” жаңы конушунун тургуну Келдибеков Эрнис деп белгиленген. Бишкек шаарынын Кирвоносова көчөсүн барып калыс болгон инсан чын эле жашайбы деп текшергенде Ибраимов Темирбек жашабагандыгы айтылды. Үйдүн ээсин таап сураганда, ал: «Бул үйдɵ мындай адам жашаган эмес»-деп айтыптыр. Эрнис Келдибековдун өзүн эмес, апасын таптык. Ага протоколдо коюлган колду көрсөткөндө бул баламдын колу эмес, жакшы билем деп айтты. Баласын сурасак, Сахалинде экенин, келе албасын билдирди. Эрнисттин телефонун таап «вотсапп» аркылуу байланышсак, менин колум эмес деп айтты. Аны чыгарып, кайра Ленин райондук прокуратурасына ушул жагдайлар каралбай калыптыр деп кайрылганбыз. Кайрылуубузду кабыл алып жаңы жагдайларга байланыштуу ишти Ленин райондук сотуна жиберди. Ал жерден кошумча тергөөлөр жүргүзүлүп, тергөөчү Токтосуновду да сурады. Дагы бир маселеси, жаңы кол эмес деп коюлган колдорду экспертизадан өткөрүүгө туура келди. Нукура кол коюлган кагаздар жок эле. Себеби, эки калысты тең таба алган жокпуз. Ал колдор көчүрмөдөн өткөрүлгөн кагазда болчу. Экспертиза булардын колу эмес болушу мүмкүн, кол коюунун нукурасы керек деген чечим чыгарды. Тергөөчүнү Сахалинге барып Келдибековго жолугуп кел десек, чек арадан чыгууга мыйзам жол бербейт экен. Мен барууга туура келди, Сахалинге учуп бардым. Келдибековго жолуксам: “Сиздин келээриңиздин астында мен Токтосунов менен сүйлөштүм. Ушинтип жактоочу келип жатат. Мени калыс кылып жазып коюптурсуз. Ооруканага барган жок элем го”-десем: “Эрнис, менин колум деп коё бер, баргам деп айтып кой”-дегенин билдирди. «Мен сени кыйнай албайм, болгонун болгондой жазып бер. Салыштырабыз, карайбыз. Бүгүн сен кандай десең да баары бир экспертиза болот», -десем: “Мен намаз окуган баламын, калп айта албайм. 2007-жылы Ленин райондук сотто практикада жүрдүк. 2008-жылы Бишкек шаарынын ШИИБинде болдум. Так айта албайм, колум окшош экен”-деп жазып берди. Аны алып келип тергөөчүгө бердим. Ибраимовдун илгерки паспорт алган жерин таап, кол койгондогу керектүү үлгүсүн да алдык. Тергөөчү өзү учурда Талас областында сот болуп иштеген Ибраимовду таап, кол жазмасын алып келди. Анын негизинде экинчи экспертиза жүргүзүлдү. Экспертизанын жыйынтыгында кол жазма алардыкы эмес, протокол бир адамдын колу менен толтурулган деген жыйынтык чыгарышты.



--Мыйзам боюнча протоколду ар бир калыс өзү жазыш керек да...



--Кандайдыр бир тергөө амалын жүргүзгөндө, сөзсүз калыс киши болушу керек. Протокол түзүлүп, шектүү буюмду алып жатканда эки калыс сөзсүз катышуусу зарыл. Калыстыкка бул ишке тийешеси жок, кызыкчылыктан алыс, тергөөчүнү тааныбагандар тартылат. Токтосунов болсо өзүнүн досун, практикантты, досунун инисин катыштырып коюптур. Бул мыйзамга такыр каршы келет. Жада калса, практиканттар калысттыкка бара алышпайт. Мыйзам бузуу экенин билип туруп тергөөчү ушундай ишке барган. Соттун өкүмүндө ошол кофтаны далил зат катары пайдаланып, Кулумбаевге чечим чыгарышкан.



--Иш боюнча айкалышкан түшүнүксүз жагдайлар барбы?



--Аябай көп. Кулумбаева Гүлмира өзү: «2009-жылдын 28-сентябрында эч кандай зордуктоо болгон эмес. Кызым менен Кулумбаев Рахат урушуп кетиптир, доом жок. Кызымды экспертизадан өткөрүүдөн баш тартам»,-деп жазып берип жатат. Бирок, дагы бир күбө Кулумбаева Клара: “Биз 28-сентябрь күнү эртең менен эрте түз эле экспертизага барып, экспертизадан кызды карагыла деп сурандым”,-дейт. УПКда: “Тергөөчүнүн токтомунун негизинде гана экспертиза жүргүзүлөт”,-деп жазылып турат. Булар болсо өздөрүнүн тааныш экспертизасына түз барып кызды өткөрүп жатышат. Ушул күнгө чейин экспертизанын каттоо барагында токтому жок экспертиза жүргүзүлгөн деп жазылууда.



--Жеңил кофтаны дароо эле биринчи сотто алып барыштыбы?



--Тергөөчүгө кофтаны жабырлануучу жаныбыздагы бактардан бир жумадан кийин алдым деп көрсөтмө бериптир. Ал боюнча үйдүн тургундарын сураштырганда эч кандай бакта кофта илиниши мүмкүн эмес дешти. Тергөөчү болсо: “Кофтаны кызы ооруканада кийип жүрүптүр, жыттангандыктан ыргытам дегенде, апасы келип көмүп койду”-деди. Экөөнүн сөзү эки башка чыгууда. Бизде эмне үчүн тергөөчүгө алып барып бербей дароо көмүп салат деген суроо туулуп жатат. Сентябрь айында көмүп салып, декабрда казып алыптыр. Эң кызыгы ошол кофтада Кулумбаев Рахаттын уруктугу кандайча пайда болуп калганында болууда. Бүгүн кофта жок, кайра экспертиза жүргүзө албай жатабыз. Жабырлануучу таптакыр өзү сотко келбей жатат. Жабырланган Кулумбаева Назик окуянын жагдайын айтып берүүсү керек эле, мыйзам боюнча. Мыйзамга ылайык сотко келбесе, сотко сөзсүз өзү катышпаса болбойт. Кулумбаев Рахатты соттогондо анын мыйзамдуу өкүлү болгон апасы келип окуяга аралашып жүргөндөй сотторго айтып, анан соттор чечим чыгарууда. Окуя болгон күнү апасы үйдө эмес, Нарында жүргөн экен. Башка адамдар сотто суралган эмес. Окуя болгон күнү баланын ата-энеси да үйгө барышкан, суралган жок. Ошол эле Гүлмиранын, Кларанын күйөөсү бар эле, аларды сураптыр. Тергөөчү өзүнө гана керектүү адамдарды сурап, башкаларды суракка чакырган эмес. Андай болсо баланын ата-энесин да сураса болмок. Окуя болгон күнү үйдө Рахаттын чоң апасы бар экен, андан сурабаптыр. Чоң апасы кийин уулуна андай окуя болгон эмес дептир. Бир эле адамдын көрсөтмөсү, бир гана кофтанын табылышы менен бир адамды соттоп салышты.



--Кулумбаева Назиктин кофтасындагы Кулумбаев Рахаттын уруктугу кайдан пайда болуп калыптыр, ушуну тактай алдыңыздарбы?



--Окуя сентябрь айында болуп жатса, ноябрь айында эксперттер кыздын апасына: «Кызыңардан “кальпит”деген оору чыгып жатат»,-дешиптир. Ооруну Рахат эле жуктурду, текшеребиз деп чамынып чыгышыптыр. Бул оору чын эле балада барбы-жокпу деп атайын экспертизадан өткөрүшсө, Рахат таза чыгат. Ата-энең уруксат берди, бас десе бала деле экспертизадан өтүүгө макул болуп кете бериптир. Бул баланын канын текшерүүнүн бир амалы болгон. Себеби, кыздан эч кандай уруктук чыккан эмес. Эми караңыз, эксперттер корутунду чыкпай жатып кызда оору бар экенин билип, апасына айтышат. Анан дагы корутундуну дароо бербей, январь айында берди. Эгерде сентябрь айында кыз текшерилсе, бир айдын ичинде мыйзамга ылайык корутундуну берүүсү зарыл. Назик тергөөчү менен сүйлөшкөндө окуя болгондон кийин жуунуп алдым деп айтыптыр. Жуунгандан кийин уруктук калбайт. Эмне болсо да шылтоо табыш керек болуп, баланы үйдөн алып кетип, үч лабороториядан өткөрүп жыйынтыгын Гүлмирага беришиптир. Гүлмира болсо эксперттерге берип, алар Кулумбаев Рахаттын уруктугу чыкты деп чечим чыгарып беришиптир.



--Рахатты экспертизага кайсыл айда алып барышкан?



--Ноябрь айында алып барышкан, жыйынтык январь айында чыкты.



--Жабырлануучу менен жолуга алдыңызбы?



--Жаңы жагдайлар боюнча иш башталганда прокурор жабырлануучуну сурагыла деп айтты. Себеби, иш токулуп жатканда эки жолу зордуктоо болгон эмес деп айтууда. Окуя болгондо кыз 16 жашта болсо, азыр ал 26 жашка толду. Азыр өз алдынча эле: “Эч кандай зордуктоо болгон эмес, апам эле кыйнап жатат”,-деп жазып берди. Тергөөчү кызды сурайын деп өзүнө жолугат. Кыз тергөөчүгө: “Менин оюм болсо баарын артка алмакмын. Апам болбой жатат…”,-деп дагы кайталаптыр. Тергөөчү ошол жерден сотко чакыруу берип келиңиз дептир. Чакырылгандын эртеси эле күнү апасы тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазып: “Эмнеге силер менин кызымды суракка чакырасыңар. Анын абалы жаман болуп жатат”-деп кызын сотко жолотпой жатат. Учурда жабырлануучунун көрсөтмөсү жок сот жүрүүдө. Мына бүгүн сот болот, мен соттордон акыйкат чечим күтөм. Себеби, жасалма документтер жана жабырлануучу болгон кыздын сотко келбей жатканы баланын күнɵɵсүз жерден күнɵɵлүү болуп жатканына айныгыс факт болуп берет.



Баян Кулова
Булак:ДЕ-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады