#Karimova December 2016. First time I was allowed to visit Gulnara Karimova. Two-day hearing in Tashkent. More than 20 hours. None of the two #Uzbek lawyers of my client did pronounce one single word during these two days. Silent lawyers. Under duress. #Arbitrary justice.
4 · Geneva, Switzerland
Смотреть другие твиты Grégoire Mangeat
«2016-жылы декабрда алгачкы жолу Гүлнара Каримова менен жолугууга уруксат беришкен. Ташкенттеги эки күндүк угуулар маалында Каримова тарабынан дайындалган өзбекстандык адвокаттар бир дагы жолу ооз ачышкан жок. Басым алдындагы үндөбөгөн адвокаттар. #Адилетсиз адилеттүүлүк», – деп жазды швейцариялык адвокат.
Грегуар Манжа 1-апрелде «Твиттердеги» баракчасына Ташкенттин четиндеги аялдар абагында Гүлнара Каримова менен жолукканын жазган. 3-апрелде болсо өзбек бийлигине кайрылып, Каримованын калган жаза мөөнөтү кандай эсептелип жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнгөнүн билдирди.
#Karimova For months now, we have asked the #Uzbek authorities to explain how they count the remaining days’ imprisonment and what is the starting point of the sentence. The kidnapping? Still no response received. #ruleoflaw #arbitrarydetention
7 · Geneva, Switzerland
Смотреть другие твиты Grégoire Mangeat
Күн мурун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 1-2-апрель күндөрү швейцариялык адвокаттын Зангиата абагында камакта жаткан Гүлнара Каримова менен жолугуусуна уруксат берилгенин ырастады.
Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги абакка которулганын билдирген.Мекеменин билдирүүсүндө «үй камагында Каримова сот тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгына байланыштуу» жалпы режимдеги абакка которулганы жазылган.
2015-жылы Каримова Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүүнү каалаган компаниялардан миллиард долларга жакын пара алган деп айыпталып, ага каршы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон.
Өзбекстанда болсо Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмышка айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Анда ал салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийинчерээк Ташкент облустук соту анын жаза мөөнөтүн 5 жылга кыскартып, үй камагына чыгарган.