Бардык жаңылыктар

Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...

2019-жыл бир жагынан алып караганда, абдан талашып-тартышуунун, кейиштүү окуялардын, экинчи жагынан өнүгүүнүн жылы болду. “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө мурдагы премьер-министр “Ак-шумкар” саясий партиясынын негиздөөчүсү Темир Сариев өтүп бараткан жыл тууралуу айтты. 

“Ачыгын айтыш керек, быйылкы жыл сыноонун жылы болду. Бийликтин трансформациясынын өтө катуу жолу болду деп айтсак болот. Буга чейин бийликти ар түрдүү   формада алмаштырып келгенбиз. 2017-жылкы шайлоодон кийин баардыгы ойлогон, бардыгыбыз ошого макул болгонбуз тынчтык жолу менен өттү деп, бирок 2019-жыл элибиздин ичинде, бийлик ортосунда дагы жетекчилер ортосунда дагы  мурунку эскилердин чоң сыноосу болду.Тилеке каршы кээ бир адамдар жаракат алып кетти. Улуттук коопсуздук кызматкери окко учуп, каза тапты. Эгерде адамдык жагын алып койсок, саясат жагы чоң талдоонун, чоң талаштын жылы болду. Бирок ушуну менен бүттү деп айта албайм, бул чоң талаштын башы болуп калды окшойт. Анткени, бүгүнкү күндө коомдо жүрүп жаткан сөздөр ушуга түрткү болуп атат. Калың элдин арасында сөз талаш абдан катуу. Орой кептер да чоң сын-пикирлер  айтылып кетип атат. Эң жаманы элдин жарака кеткендей болуп ичинде бир эки багытка бөлүнгөндөй сезилип атат. Биз саясатчылар сезип, билип жетекчилер билип ушуга туруштук бере турган туура түз саясат жүргүзүш керек, болбосо эмдиги жылы шайлонун жылы, ошонун себептери менен талаш-тартыш  дагы уланып кетиши мүмкүн”, - деп билдирди Сариев.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты