
Жергиликтүү фельдшердин чакыруусу боюнча келген милициянын ыкчам-иликтөөчү тобу алардын үйүнөн көзү көгөргөн жаш келиндин жансыз денесин табышкан. Күйөөсүнөн иштин чоо-жайын сурашканда ал уруша кетишип, аялынын эки жаагына эки жолу чаап, каракушуна бир эле жолу тепкенин айтып, актанган.
Жубайлардын бир уул, бир кызы болгон. Балдары ал күнү таятасыныкына майрамдап кетишкендиктен жок болушкан.
Милиция кылмыш ишин каттоого алып, иликтөөнү баштады.