Бардык жаңылыктар

Былыгы чууруган Мирбек Асанакунов түшпөс ханбы?


Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарында ондогон киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына чыккандар аталган мекеменин башчысы федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Мирбек Асанакунов жасалма документтер менен төрага болуп шайланып алган. Анын мыйзамсыз кызматка шайланышы боюнча биз Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, президентке кайрылдык. Финансы полициясы кылмыш ишин козгоп, бирок андан майнап чыккан жок. Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан күйөөсүн кызматта кармап келе жатат”, – деди Жийдебүбү Чортонбаева.

Эң кызыгы Профсоюздун кызматкерлеринин арыздануусунун негизинде Бишеке шаарынын 1-май райондук соту менен Бишкек шаардык соту Мирбек Асанакуновду күнөөлү деп тапканына карабастан, Асанакунов ал чечимдерге макул болбой Жогорку сотко кайрылган. Бүгүн Жогорку сотто бул иш кайра каралып, буга чейинки эки соттук чечим жокко чыгарылып, Асанакуновдун пайдасына чечилди. "Пулуң болсо кулуңмун" демекчи, капчыктуу Асанакунов соттордун тамагын май токоч менен майлап койдубу, ким билсин? Болбосо, капыстан шашылыш мындай чечим чыгарууга соттор даай алат беле? Күдүктүү суроолор көп.

Таң калдыра турган жана оозду ачыра турган Асанакуновдун кылыктары бир канча пансионат жана санаторийлерди кескилеп, “сатыкка чыгарып” жатканында. Ошол профсоюздар мүчөлөрүнүн айткандарына караганда Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийин бир бөлүгүн, анын жанында жайгашкан колтойгон “Чолпон-Ата” эс алуу үйүн толугун менен өзүнө “мый-замдаштырып” тууралап чыгарып жатыптыр! Андан тышкары, ошол эле Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Too” эс алуу үйүнүн дагы бир бөлүгүн сатып, “мыйзамдаштырып” жаткан кези дешет, ага кошумча болуп учурда “Кыргызстан” санаториясына дагы көз салып, аны бир жансыл кылуу максаты ачыкка чыгып калыптыр. Мындан тышкары айрым санаторийлерди, курортторду атайын банкроттук жолго алып барып, сатуу аракетин да көрүп келгени айтылууда.

Кыскасы, Мирбек Асанакунов кызматтан кеткиче, сатып алчуну сатып алып, жайлачуну жайлап, алдай турган ач көз КПФын кеңешинин мүчөлөрүн басымдуу көпчүлүгүнүн колго алып, алардын суук колдору аркьлуу бир топ мүлктөрдү чыгарып алуу иштерин күпүлдөп жүргүзүп жатыптыр. Укук коргоо органдарына жана сотторго кайрылгандарын, алардын арыздарын ак-үй менен көк уйдөгү табакташ колдоочулары аркылуу жана анын өмүрлүк жары КСДПын депутаты Молдобекованын жардамы менен өзүнө чаң жуктурбай жаткан мезгили экен.

Белгилей кетсек, Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган.

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады