Бардык жаңылыктар

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды

КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов талкууга коюлган мыйзам долбоорунун концепциясын чечмелеп берди.

Мыйзам долбоорунун концепциясы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, эффективдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө жумушсуз же жумуш издөөчү катары иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жарандарды каттоо, алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Жаран кайда туруктуу жашаса, ошол жер жарандын жашаган жери болуп саналат. Бирок, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамдын мындай ченеми ички мигранттардын абалына терс таасир берип, олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Элдер келген орду боюнча катталбайт, алар мыйзамсыз жумушка орношууну туура көрүшөт. Ички мигранттарга каттоосу жок социалдык кызматтарды алуу кыйын. Ушуга байланыштуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, эффективдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" мыйзамына тиешелүү оӊдоолорду киргизүү сунушталат.

Тактап айтканда, мыйзамдын долбоору менен 2-берененин 10-пунктун “же турган жеринен” сөздөрү менен толуктоо сунушталат, бул толуктоо мыйзамдагы колдонулган түшүнүктөрдү аныктоо максатында киргизилет. Мындан сырткары, 5-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө жана 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда “туруктуу жашаган жери” деген сөздөрү “жашаган жери же турган жери” сөздөрүнө алмаштыруу арыз ээлерине Кыргыз Республикасынын чегинде өзүнүн жашаган жери же турган жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын каалаган аймактык бөлүнүштөрүнөн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Талкууда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун колдогон пикирлерин ортого салышты. Депутат Аида Касымалиева мыйзамдын 5-беренесине түзөтүү туура киргизилип жаткандыгын белгиледи. Ошо менен катар кесиптик-техникалык окуу жайлардын студенттерин топ-топ кылып практикага жиберүү маселесин жолго коюуну сунуш кылды.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты