Бардык жаңылыктар

Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чаралары жаңы мыйзам талаптарына ылайык кайрадан жөнгө салынууда

Жогорку Кеңеште КР Жоруктар жөнүндө кодексинин жана КР Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун айтымында, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ички иштер органдарына коргоо ордерин берүү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды берүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди аткаруу милдеттери жүктөлгөн.

“Өткөн 6 жыл ичинде соттор тарабынан каралган жазык иштеринин саны өскөндүгүн көрсөттү. Бул үй-бүлөлүк зомбулук көбүрөөк криминалдашып бараткандыгын, анын кесепети адамдын ден соолугу жана өмүрү үчүн оор экендигин, анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизинде адам өлтүрүүгө барып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат”, - деди баяндамачы.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренесине ылайык, мындай жосундар үй-бүлөлүк зомбулук жоруктарга тийиштүү болот жана ага II категориядагы айып пул (300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч) же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары (40 сааттан 60 саатка чейин), же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (төрт айдан алты айга чейин) тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

Кодекстин 76-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоосу жоруктун өз алдынча курамы болуп эсептелет, ага II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазалар каралган.

Ушуга байланыштуу “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

- Жоруктар жөнүндө кодекстин 76-беренесине ылайык келтирүү максатында мыйзамдын бардык текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “коргоо ордери” деген сөздөрдүн алдына тиешелүү жөндөмөдөгү “убактылуу” деген сөздөр менен толукталсын;

- мыйзамдын бардык текстиндеги администрациялык жоопкерчиликке, администрациялык өндүрүшкө жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске болгон шилтемелер алып салынсын;

- түрдүүчө окууларды жоюу үчүн калыптоо бөлүгүнө редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү.

Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер жана алардын кызмат адамдары улуттук мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартыларын белгилөө сунушталат.

Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги себептерине кызыгышып, айтылган айрым маалыматтар анчалык жүйөлүү жана ынанымдуу болбой жатканын белгилешти.

Баяндамачы зомбулук негизинен ичкиликке байланыштуу экенин, андай жосундар 70 пайызды түзөрүн, зомбулуктар көбүнесе эркек адамдар тарабынан жасалып жатканын, статистика көрсөткөндөй, аялдар тарабынан жасалган зомбулуктар да жок эмес экенин билдирди. “Айрыкча чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулукка көп кабылууда”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-2018-жылдар аралыгында 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен. Ал эми сот тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча администрациялык укук саны 2012-жылы 716 болсо, 2017-жылы 2547ге жеткен же 3,6 эсеге өскөн. Тилекке каршы, ИИМ өкүлү 2019-жылы канча зомбулук жосуну катталганын так айта алган жок.

 

Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат
Куш кабар // 25-12-2019, 12:30
К. ДЖУНУШАЛИЕВ: МИЛИЦИЯ ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП, ЭЛ МҮДӨӨСҮН ЧЕЧҮҮСҮ КЕРЕК, ЭГЕРДЕ МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕН КОЙГОН ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРА АЛБАСА, ЖАҢЫЧА ИШТЕЙ АЛБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ИШТЕГЕН ИШИНЕН КЕТИШ КЕРЕК
Куш кабар // 30-07-2019, 19:00
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Куш кабар // 23-05-2019, 13:57
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет
Куш кабар // 12-03-2019, 14:53
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты