Бардык жаңылыктар

Кыргызстан жана Тажикстан чек-арадасындагы такталбаган аймактар боюнча, тактоо иши активдүү жүрүп жатат!

Кыргызстан жана Тажикстан чек-арадасындагы такталбаган аймактар боюнча, тактоо иши активдүү
жүрүп жатат. 30 жылдан бери ушул көйгөй жылбай келген. Кечээ, эки мамлекеттин өкүлдөрү 10 сааттан
ашык, түн жарымга чейин отуруп протокол кабыл алышыптыр. Бул эртеби-кечпи чекит коюла турган
иш эле. Кандай болгон күндө дагы тажиктер дагы, кыргыздар дагы ыраазы болушпайт, эки жак теӊ
нааразычылыгын айтып чыгары бышык. Бирок, күн алыс атышып, бири-бирине таш ыргытып, улам
согуш чыгып кетүү коркунучу жарала бергени андан дагы жаман көрүнүш. Анан калса, акыркы жолу
чек-арада чыккан чырда сырткы күчтөр аралашты окшойт, эки тараптан теӊ чагымчылдар чыгып
“согушалы” деп айтышты. Эки мамлекеттин ортосуна от жагып жибериш оӊой эле! Абдан кылдат
болушубуз керек. Тажиктер дагы согуш көргөн эл. Кыргыздар болсо каны кызуу элбиз. Эки тараптан
уюштуруп, “кеттик согуштук!”-деп жиберсе, анан токтотуп көр! Арабызда жүрүшөт, пиар кылышып, чекара жөнүндө сүйлөгөндөр. Чек-арага мээлери деле жетпейт, Кыргызстандын аянты канча экенин дагы
билишпейт. Анан “чек-араны чеч, болбосо митинг кылабыз!”-дешип күйгүзүшөт. Силер кыйкырып же
силер митинг кылсаӊар эле чек-ара чечилип кетсе кана? Бул сүйлөшүү жана дипломатия жолу менен
чечиле турган иш. Жалгыз Кыргызстандын эле колунда эмес, эки өлкө бир бүтүмгө келип чеччү
маселе! Анан дагы, Баткенде элди көтөрүп, чек-арага барып жаӊжал чыгартып жаткандар бар.
Угушубузга карагандай андай чагымчылдардын артында убагында Өкмөттө чек-араны тактоо боюнча
бөлүмдүн башчысы болуп иштеп, кийин колунан эч нерсе келбей айдалып кеткен Курбанбай
Искандаров деген турат имиш. Кызматтан алынып калып, эми жердештерин, тууган-тааныштарын
көтрүп, бузукулук кылып жатканын уктук. Ушундай бузукулардан сак бололу! Анан пиар кылып кыйкыра
бергендер дагы эсиӊерге келиглечи!

Назира Бегим, журналист.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты