Бардык жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдеште алтын байге алды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Италияда ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медал тагынды. Рим шаарында өтүп жаткан Matteo Pellicone аталышындагы мелдеште Тыныбекова 16-январда кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, жалпсынан төрт беттеш өткөрдү. Ал катары менен кытайлык жана америкалык эки балбан кызды жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын байге үчүн таймашта Айсулуу орусиялык Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.

Айсулуу Тыныбекова мындан төрт күн мурда Түркияда өткөн Yasar Dogu турниринде дагы жеңүүчү болгон.

Айсулуу Тыныбекова 27 жашта. Ал Азиянын үч жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону жана бир катар эл аралык абройлуу мелдештердин жеңүүчүсү.

2020-жылдын башында Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюму жарыялаган дүйнөлүк рейтингде ал 62 килограммга чейинки салмактагы балбандардын көч башын жетектеген. Аталган рейтинг былтыркы жылы болгон дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлгөн. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты