Бардык жаңылыктар

АКШнын Эсеп палатасы: Ак үй Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуу менен мыйзам бузган

Ак үй Конгресске кабарлабастан Украинага 214 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам берүүнү токтотуу менен мыйзамды бузган. Бул тууралуу АКШнын Эсеп палатасы билдирди.

2019-жылы августтун аягында америкалык басылмалар президент Дональд Трамп Украинага аскердик жардам берүүнү кайрадан карап чыгуу тууралуу буйрукка кол койгонун билдиришкен. Анда Ак үй Кошмо Штаттардын акчасы туура пайдаланылып жатканына ынангысы келип жатканы кабарланган.

Сентябрдын ортосунда Вашингтон Киевге бериле турган каржылык жардамдын топтомуна бөгөт койгон. Кийинчерээк Украинага каражат бөлүүнүн кечеңдеши АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишүү ишине байланыштуу болушу мүмкүндүгү айтылган.

Конгресстеги демократтар Трамп мындай жол менен Киевге басым жасап, өзүнүн саясий атаандашы Жо Байденге карата тергөө ишин баштатууга аракет кылган деп эсептешүүдө. Өз кезегинде бул АКШда президентке импичмент жарыялоо процедурасынын башталышына себеп болгон.

Трамп өзү бул айыптоолорду четке кагып, аны «кезектеги суу кечпеген иш» деп айтып келет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты