Бардык жаңылыктар

ИШКЕРЛЕРДИ ТАЛАП-ТОНОО УЛАНЫП, МИЛИЦИЯ МЕНЕН ОПГ ТАБАКТАШ БОЛУП КЕТКЕНБИ?

Өлкөнүн өнүгүшү үчүн иралды ишкерлерди колдоо саясаты зарыл. Бул боюнча өзгөчө камкордук керек экенин билебиз. Тилекке каршы, Кыргызстанда соңку убактарда бизнес чүйрөсүнө зомбулук көрсөтүү, өлтүрүп кетүү, миллиондорду талап-тоноо өнөкөткө айлангандай. ОПГ күн көрсөтпөй калдыбы? Эмесе, бул жааттан көмүскөдөгү соболдорду жолдойлу.

“Ала кушту атынан ата” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, түз суроо узаталы: ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кылмыш дүйнөсүнөн коркобу? Же кандай? Колтукташпы? Өткөн жылдын 11-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районунунан өзбек ишкери Кудраттулло Уримбаев “Хондасы” менен жолдо кетип баратканда аварияга учуратып, капыстан келген беткапчандар машинадагы 1 миллион 300 миң долларды олжолоп кеткени ыраспы? Куралчан топтун тоноп кеткени ачыкталабы? Кызылдай каракчылык болуп атса, окуяны автокырсык катарында ишти будамайлашканбы? Окуя болгон жерге кылмышкерлер “Мерседесин” (О 8217 U) таштай качышканбы?

Ал эми Эркин Тентишов тар чөйрөдө нааразы болуп жүргөнү эмнеси? Анын офисине 31-январь күнү маскачандар басып киришип, 1 миллион 380 миң долларын жулуп кетишкенби? Бул боюнча милиция кылмыштуу топтор менен күрөшкөндүн ордуна артка кетенчиктегенби? Ажого белек катары даярдалган кыбат-баалуу алтындан жасалган орденди да олжолошконбу?

Мына ушул жогорудагы ишкерлерге карата каракчылык эмнеге коомчулукта ачыкталган эмес? Милиция жетекчилиги ишти бас-бас кылып, ОПГ мүчөлөрү менен коюн-колтук алышып кеткенби? Эмнеге ири каракчылык болуп атса, маалыматты ачыкка чыгарышпай келишет? Министр Кашкар Жунушалиев дал ушул суроолорго жооп бере алабы? Же ооз басырык алып койгонбу?..

Aryba.kg

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты