Бардык жаңылыктар

Иш билгилиги менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Марат Мураталиев

Негизи эле   баардыгы ниетке  жараша болот окшойт.  Адамдын ниети түз болсо иши да алдыга кетери  бышык.  Өкмөттүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Марат Мураталиев, ишкер  кезинде  эле   эл камын көрүп  муктаждарга жардам берип жүргөнүн  жалпы журт  жакшы билет.   Катардагы  эле ишкер  катары,   он жыл аралыгында   жакыр үй-бүлөлөргө,  балдар-үйлөрүнө,   УлууаТа-Мекендик жана Ооган   согушунун  ардагерлерине  деги эле муктаж болгондорго  15 миллион  сомдон ашуун жардам бергени элдин эсинде. Болбосо  не бир  “чириген байлар”  жок дегенде өзүнүн  айылынын  эки  метр  жерин   оңдоп бергенге  жарабай келет.

Мына эми  тагдыр буйруп элдин батасы тийип   Марат Мураталиев  Талас облусун жетектеп  облустун  өнүгүүсүнө  болгон күчүн жумшап  “каруусун казык кылып”     тыным билбей  эмгектенип келүүдө.

Демдүү жетекчинин  демилгелүү иш- аракеттеринин натыйжасында,  эки жыл  ичинде  Талас облусу  таанылгыстай өзгөрдү.   Аймактын көпчүлүк  тургундары  дыйканчылык менен  алектенгендиктен  эң ириде  ирригация  иштерине  көңүл бурулду.   Суу топтоочу жайлар  ашар  жолу менен тазаланып  миллиондогон каражаттар үнөмдөлүп,  суунун  кенен пайдаланган дыйкандардын   түшүмү мол болуп  кирешеси артты.   Талас облусу боюнча  жол тармагына  көңүл бурулуп Талас шаарынын ичи  жолдору ар кандай каржы булактарынын эсебинен  ишке ашты.   Эл үмүтүн үзүп койгон  айыл аралык  жолдор да калыбына келтирилди. 

Жаңы ишканаларды уюштуруу жагынан  мурда-кийин бир дагы облустук жетекчи Марат мырзадай  иш алып барган эмес.    2018  -жылы эле бир нече   чакан жана орто  ишканалар  ачылып   Талас облусу боюнча 959  жаңы жумушчу орундарды  түзүүгө  жетишкен.  Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен  жаңы түзүлгөн жумушчу орундарынын саны 1000 ден ашканын угуп  кубандык. Бул  деген  1000 деген адамдар    чет өлкөгө  кетүүгө  мажбур болбой,  бала-чакасынын жанында   ырыскысын өз жеринде таап  жатат дегендикти билдирет.  Башкасын айтпаган  күндө  да 20 жылдан ашуун   иштебей токтоп турган  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы  Кант заводу быйыл ишке киргизилди.  Кудай кааласа  эми  Таластык дыйкандар  келерки жылдан баштап  кызылча өстүрүүнү да колго ала баштайт.

Жарыктандыруу жагын айтпасак да түшүнүктүү.   Жергиликтүү тургундар  союз кезинде да мындай  жарыктандыруу болгон эмес экенин,  белгилешип  облус жетекчисине  алкыштарын айтууда.

Коррупцияга  бөгөт коюуунун  натыйжасында  салык чогултуу маселеси да оң жолго  коюлуп  мурдагы жылдарга салыштырмалуу  100 миллиондогон каражаттар  казынага  келип түшүүдө.

Санариптештирүү жаатында  Талас облусундагы баардык мектептер  жогорку ылдамдыктагы интернет түйүнүнө  кошулуп  мындан тышкары  “ электрондук китеп” долбоору  ишке ашты. 

Мындан тышкары,  ар бир айылда,  социалдык объектилердин курулушу   республикалык бюджеттен ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   Төрагасы Жумабеков   Дастанбек Артисбековичтин тикелей жардамы менен   ар кандай эл-аралык уюмдардын эсебинен   курулуп пайдаланууга берилүүдө.  Кудай кааласа    быйылкы жылы   Дастан Жумабековдун  уюштуруусу менен  100 жакыр үй бүлөлөргө  үй  салып берүү жагы да каралууда.

Жалпылап айтканда  Талас жергесинде   Марат мырзанын жетекчилиги  астында баардык тармактар боюнча   алга жылуулар байкалууда.  Алардын баарын тизмектеп отурууга   мүмкүнчүлүк  чектелүү болгондуктан биз айрымдарына  гана токтолдук.

Баса,  улуу  жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык  мааракесин,  биринчи   "Улуттук Көчмөндөр" оюндарынын  эл-журт менен  чогуу-чаран жогорку  деңгээлде  өткөрүп алуунун өзү   түшүнгөн адам үчүн зор эмгек.

Марат Мураталиев өзү кайталап айтып жүргөндөй, жогорудагы ийгиликтердин баары  “бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарган”  Талас элинин  ынтымак-ырашкерлигинин жана  облус жетекчисинин  иш билгилигинин  натыйжасы. “Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң  кийиксиң”- демекчи Мураталиев ар  дайым эли менен  бирге.  

Ушул күндөрү да өз демилгеси  менен ар бир  айыл өкмөтүн кыдыр эл менен   “ийри  отуруп  түз кеңешип” жүрөт.   Андыктан  ар дайым элинин  маселесин  жеринде угуп кайра аны чечүүнүн  үстүндө иштеген  облус жетекчисине эл да  эбак эле “элдик губернатор” деген расмий эмес  наам  ыйгарып койгон.   Эл берген сыйлыктан өткөн  сыймык болбосо керек!

Булак:ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты