Бардык жаңылыктар

Калыстык кайда? Бир үй-бүлɵгɵ эки Ардак Грамота же балаң депутат болсо сыйлык аласың…

Жогорку Кеңештеги «Республика Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жаңы жыл алдында, тагыраагы ажонун 30-декабрдагы жарлыгына ылайык Ардак Грамота алды. Мейли, алсын! Ага ич күйдүлүгүбүз жок. Беш жыл бою депутат болуп иштеш, анан калса 3 жыл фракцияны жетектеш оңойбу? Кичи мекени Жумгалга байма-бай каттап, элге үстɵккɵ-босток жардам берип атканы Ардак Грамотадан да жогорку сыйлыкка татып атпайбы туурабы? А биздин айталы дегенибиз башка. Так ошол Жыргалбек Күрүчбекович сыйланган президенттин буйругунда Жумгал районунун аймактык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары Мамбеткалиева Жыпариса Токоновна аттуу айымга да Ардак Грамота берилди. Кызыгы, Жыпариса айым Жыргалбек Турускуловдун апасы болот. Бул жерден апасы менен баласы жарыша президенттин Ардак Грамотасын алганы «саал» окшошпой калды. Эки башка буйрукта алса да бир жɵн дейт элек. Бир буйрукта бир үй-бүлɵдɵн эки адамдын жогорку сыйлык алышы элге жакпай туру. Айрыкча, 30-40 жыл мамлекетке эмгек сиңирген мугалим менен дарыгерлер Ардак Грамота үчүн кезекте турганда, эне-баланын бир буйрук менен сыйлык алганы логикалык жактан туура эмес да. Же эмне баласы депутат же фракция лидери болсо, апасы экɵɵнɵ чогуу сыйлык берилиш керек деген жобо барбы? Калыстык кайда? Апасына сыйлык берилип аткан соң Жыргалбек Күрүчбекович деле: «Мен сыйлыкты кийинкиде алам»,- деп бул жолкусунда баш тартып турса, адамгерчиликке туура келбейт беле. Кандай дейсиздер?..

Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты