Бардык жаңылыктар

Депутат Таабалды Тиллаев: «Эгерде биз азыртан оорунун алдыналуу чараларын колго албасак, анда мамлекетибиз менен калкыбыздын коопсуздугуна залакасы тийет»

Акыркы мезгилде онкология жана гепататит менен ооргандардын катары калыңдап барат. Айрыкча аялдар менен балдардын арасында мындай дартка чалдыккандар арбын. Эгерде биз азыртан оорунун алдыналуу чараларын колго албасак, анда милларддаган каражаттан кол жууйбуз, мамлекетибиз менен калкыбыздын коопсуздугуна залакасы тийет. Өкмөт бул багытта чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Жогорку Кеңеш өзүнчө эле ооруканага айланып калды, жардам сурап кайрылгандар өтө көп. Мындай оор дартка чалдыккандарга чет өлкөлөрдө операция жасалат. Дарыланууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, ошондон улам алар кыйналат, тууган-туушкандарына да кыйын. Монголияда мамлекет калктын саламаттыгына акысыз изилдөө жүргүзүп, алдыналуу чараларын көрөт экен. Биз дагы алардын тажрыйбасына кайрылышыбыз керек», - деп кошумчалады ал.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты