Бардык жаңылыктар

"Ак-Шумкар" жандана баштады...

Быйылкы жыл Кыргыз эли үчүн жаркын келечекти тандай турган жыл. Тагыраагы, 2020-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өтөөрү маалым. Шайлоо жакындаган сайын саясий күчтөр жандана баштады. Буга улай кечээ жакында "Ак Шумкар" саясий партиясы шайлоого катышаарын билдирип, партиянын саясий кеңешин өткөрдү. Партия лидери Темир Сариев шайлоого карата активдүүлүгүн көрсөтүп, Чүй облусунун активдери менен байма-бай жолугушууларды уюштуруп жаткан чагы. Мындан тышкары республика боюнча да партия мүчөлөрү активдешүүдө. Албетте, алдыдагы саясий күрөштө "Ак-Шумкар" партиясы канатын катуу кагаары талашсыз. Кыргызда "ак шумкар канатын жөн какпайт, какса катуу кагат" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай партия лидери Темир Сариевдин бул жолку саясий күрөштө озуп чыгуу дарамети күч. Анын үстүнө учурда карапайым калктын көзү ачылып, акча менен, бийлик менен келгендерден иренжип тургандарын кайда катабыз. Андыктан бүгүнкү күндө кыргыз эли темирдей бекем тартипти орното алган, иш билги, реформаторлорго муктаж болуп турат. Бул жагынан алганда Темир Сариев төгөрөгү төп келген, дасыккан саясатчы. Демек, карапайым калк өлкөнүн келечеги үчүн, татыктуу партияларга ыктаары толук мүмкүн. Бул шайлоо акча менен акылдын талашы болот. Ар-бирибиз өз тагдырыбызды жаза баспай, татыктуу тандап алалы...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты