Бардык жаңылыктар

Кытайдан Бишкекке 140 тонна эт келди деген маалымат жалган


Социалдык тармактарда  “Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики” деп таратылып жаткан кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциясы маалымат  берди.

Кытай Эл Республикасынын “Хенань” провинциясынан Кыргыз Республикасына 2019-жылдын декабрь айында  48 тонна өрдөк эти алынып келинген.
Ветеринардык талаптардын негизинде, алынып келинген эттерди текшерүү үчүн үлгү алынып Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна (ВДЭБ) жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.
“Хенань” провинциясы оору катталган “Хубэй” провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Азыркы күндө Кытайдан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди (маалыматтар такталганча).
Социалдык тармакта туура эмес кабарларды ким таратып жаткандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетине кат жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, эки күндөн бери телефонго  WhatsApp аркылуу, социалдык тармактарга: “Урматтуу мекендештер!Китайдан Бишкеке 140тонна эт кирип контрабанда менен анын 70тоннасы кармалды,экспертиза бойунча азырка чейин белгисиз эмнени эти экендиги.(Заключение экспертизы мясо выявило споры бешенство).70тоннасы Шаардын ичине тарап кетиптир,Урматтуу жердештер колунардан келсе жолдон гамбургер,фаршты алуудан баш тарткыла.….20.01.2020 жыл.Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики!” деп жазылган окшош маалыматтар тараган.

ИИМдин маалымат кызматы да жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертти.

Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат
Куш кабар // 25-12-2019, 12:30
Соттордон акыйкаттык күткөн жаран же Рахат Кулумбаев күнɵɵсүз жерден күнɵɵлүү болгонбу?
Куш кабар // 23-12-2019, 12:19
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш системалуу негизде жүргүзүлүп жана Өкмөттүн көзөмөлүндө турат
Куш кабар // 6-12-2019, 15:09
Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюшту
Куш кабар // 13-06-2019, 14:30
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты