Бардык жаңылыктар

Таанымал баскетболчу Коби Брайант учак кырсыгынан каза болду

«Лос-Анжелес Лэйкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант Калифорниядагы учак кырсыгында 13 жаштагы кызы Жиана менен кошо каза тапканын америкалык басылмалар жазышты.

Баскетболчу кызы жана дагы үч киши менен бара жаткан тик учак Лон-Анжелестен түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс эмес жерде кыйраган.

Брайант 41 жашта болчу.

Баскетболчу карьерасын 1996-жылы мектепти бүтөрү менен Улуттук баскетбол ассоциациясында эң жаш оюнчу болуп баштаган.

«Лэйкерс» клубу үчүн 20 сезон ойноп, команда менен бирге беш жолу чемпиондук титулга жетишкен.

Боюнун узундугу 198 см келген Брайант Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң кымбат оюнчусу деп таанылган.

АКШнын улуттук курама командасында Брайант катышкан команда эки жолу Олимпиаданын алтын байгесин алууга жетишкен.

2018-жылы ал продюсерлик кылган «Кымбат баскетбол» тасмасы Оскар сыйлыгын алган. Американын «Sports Illustrated» журналы Брайантты акыркы он жылдыктагы мыкты беш спортчунун тизмесине киргизген.

Легендарлуу баскетболчунун өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп, мурунку президент Барак Обама жубайы Мишел менен кошо анын үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.

Карапайым күйөрмандары Лос-Анжелестеги «Стэплз» стадионунун алдында Коби Брайантка арналган эскерүү мемориалын түзүштү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады