Бардык жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен, Мамлекет башчысынын Аппарат жетекчилигинин, айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытай Эл Республикасынын аймагында жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешме өткөрдү.

Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министрини биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.

Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал зарыл болгон бардык алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырды, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоонун маанилүү экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын аймагында вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүүнү сунуштады.

Конкреттүү участоктордо профилактикалык чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди.

Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат
Куш кабар // 25-12-2019, 12:30
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш системалуу негизде жүргүзүлүп жана Өкмөттүн көзөмөлүндө турат
Куш кабар // 6-12-2019, 15:09
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Фото – КРнын Конституциясынын элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
Куш кабар // 20-04-2019, 19:53
Фото – Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда айтылган арыздар жана кайрылуулар тастыкталды
Куш кабар // 4-04-2019, 12:14
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады