Бардык жаңылыктар

Чуулгандуу иштен кулагы көрүнгөн Самат Ибраевди кайсыл кара теке сүздү?


Буга чейин “Строймир” компаниясынын тең укуктуу уюштуруучуларынын бири – Шабданов Майрамкул Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраев менен партнер болгонун, кийин Ибраев аны алдап кеткенин айтып, күч түзүмдөрүнө адилеттүүлүктүн жолу буулуп жатканын белгилеп, чындыкты орнотуп берүү үчүн арызданган. Шабданов кайрылууда мыйзамдуу укуктары  тебеленип-тепселип, тийешелүү фискалдык, укук коргоо органдары тикелей милдеттерин аткаруудан баш тартып, ачыктан-ачык бир адамдын кызыкчылыгы үчүн “саботажга” өтүп алгандыгынан улам заманасы  куурулуп, кимге, кайда барарын билбей башы маң. 

Алсак, “Строймир” компаниясы 2007-жылдан бери Кыргызстандын аймагында курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатууну колго алып келе жатат. Аны Шабданов Майрамкул жана Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраев экөө уюштуруптур. Тагыраагы, уюштуруучу катары С.Ибраевдин ордуна жубайы – Иманкулова Нуржан Ракимовна көрсөтүлгөн. Компаниянын баш директору болуп 2007-жылдан 2015-жылга чейин Саматбек Ибраев өзү иштеп келген. 2011-жылдан 2018-жылга чейинки кыска аралыкта Шабдановдун иниси Эльдияр Шабданов башкарса, 2018-жылдын ноябрь айынан бери С.Ибраевдин уулу Данияр Ибраев иштеп келе жаткан. Маселенин ток этер жери – учурда бул үй-бүлө тарабынан шеригине карата жалган айыптоолор уюштурулуп, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчиктерине тартып алуу аракеттери жүрүп жатканы айтылууда. Мисалы, 2010-жылдан 2018-жылга чейин “Строймир” ЖЧКда склад башчы болуп Шабдановдун тууганы иштептир. Ибраев бул жагдайды текке кетирбей амалкөйлүк кылып, ошону бетке кармап, ага карата курулуш материалдарын жана акча-материалдык ресурстарды чыгарып кетүү боюнча жалган жалаа жаап баштаган.

Бул жагдайдан улам Шабданов компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү багытында көз карандысыз аудит жүргүзүүнү демилгелеп чыгат. Себеби, жогоруда айткандай, компания негизделген күндөн баштап жетекчилик жана финансылык ишмердүүлүктүн баарын Ибраевдер тарабынан жүргүзүлүп келген, буга чейин бир да жолу аудиттик текшерүү жүргүзүлгөн эмес экен. Бирок, Шабдановдун дал ушул  талабы өнөктөшү Саматбек Ибраевди чычалатып, ар кандай жолдор менен бул аракетине бут тосууларды уюштурууга өткөнү кандай? Ибраевдердин рейдерчилик жол менен бизнес-өнөктөшүнүн үлүшүн тартып алууга багыт алган аракеттери массалык маалымат каражаттары тарабынан ашкереленген соң, ал тактикасын өзгөртүп, өйдө жактагы тааныш-билиш чиновниктердин, же жөн гана таасирдүү агалары, инилерин бал тилге салып, “өзүбүз чечип алабыз”, “алар өздөрү аферист” таризинде жалган кеп агытуу менен алардын ишенимине кирип, Шабдановдордун Финполиция, прокуратура, ички иштер органдарына жазган арыздарын караттырбай, иштерди жаап таштоого болгон аракети күч. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси катары улук кызматта олтурган адамдын, анан да жакында ажылыкка барып келген инсандын бул жоруктарына кандай баа берүүгө болот? Эгерде Саматбек Ибраев чындап таза инсан болсо, анда аудиттик текшерүүгө эмнеге каршы чыкты?  Бирок, акыркы окуялар көрсөткөндөй, С.Ибраевдин жашыра турган, корко турган нерсеси көп.

Бул окуядан соң Шабданов Финансы полициясына аудиттик текшерүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кайрылуу жолдойт. Финполиция кызматкерлери чара көрбөгөн соң, көзөмөл иретинде Башкы прокуратурага да кайрылууга аргасыз болуп, акыры  бул факты Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилген. 

Ошондуктан, тиешелүү органдар Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраевдин жоруктарына баа берүүнү, ал жетекчи болуп келген күндөн берки парламент аппаратынын финансылык абалын, ошондой эле “Строймир” ЖЧКсынын, “Саякбай манасчы” коомдук фондунун финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алып койсо ашыкча болбойт беле? Мыйзам баарына бирдей болушу керек да, туурабы?

Баса, бул окуя учурда ИИМ тарабынан Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталганын эшиттик. Ошондой эле текшерүүнүн негизинде Данияр Ибраевдин кылмышка тишеси бар экени аныкталып, сыртынан эки айга сизого камакка алынганы айтылууда. Тагыраагы, Данияр Ибраев  аталган компаниянын кассасынан эбегейсиз чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып, белгисиз жакка качып кеткени каңкууланууда. Бул кылыгы менен Данияр Ибраев өнөктөшү  Шабдановдго материалдык “ущерб” келтирип, сызга олтургузуп кеттиби?

Жоругу жолдо калгыр Данияр Ибраев Шабдановду эле эмес, дагы бир жарандан  чоң сумма акчасын алып, алдап кеткенин  pr-технологиялар боюнча адис Азим Азимов айтып чыкты.

Демек, элди сыздатып, капчыгын калыңдаткан Саматбек Ибраевдин жогорку кызматта иштөөгө моралдык укугу барбы? Же карга, карганын көзүн чокубаган заманбы? Мындай башаламандыкка жол берген жетекчи тез арада кызматынан алынып, жоопкерчиликке тартылышы кажет.. Ибраевдин мындай жосунсуз жоругу Жогорку Кеңештин атына да кир келтирип жаткан жокпу? А чындыгында, Ибраев каалашынча тайраңдап, кызмат абалын пайдаланып, тергөө амалдарына аралашып, басым жасап жатабы? Мыйзамдуу өлкөдө ким болбосун мыйзамдын укуругунан качып кутулбашы керек!

Булак:Факты.кж гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады