Бардык жаңылыктар

Шайлоонун шайтан оюндары башталды же Жерүй темасы эмне максатта көтөрүлүп жатат?


Саясатка экономиканы аралаштырбайлы

Шайлоонун шайтан оюндары башталды же Жерүй темасы эмне максатта көтөрүлүп жатат?
Күздөгү парламенттик шайлоо, жаңы саясий сезондун жакындашы менен айрым дүрбөлөңчү-саясатчылар жанданды. Алардын негизги функциясы- катуу иш жүргүзүмүш болуп, кандайдыр бир актуалдуу теманын айланасында ызы-чуу жаратуу. Же бир партиянын этегине эрмешүү деп түшүнсөк болот. Болбосо буга чейин саясий аренада аты эмес, жыты жоктор байма-бай жергиликтүү ММКларга чыгып бакылдай башташты. Алардын максаты - ММКда жана социалдык тармактарда көп көрүнүп, эл арасында таанылып, шайлоолордо катышуу сыяктуу саясий дивиденддерди алуу менен кийин мамлекеттик кызматтарга жетүү. Өз максатына жеткен соң, алар кандайдыр бир убакытка тынчып калып, айткан сөздөрү, берген убадаларын унутуп, жылуу-жумшак отуруп калышат. Андай адамдардын эң көрүнүктүү мисалы- Азимбек Бекназаров. Бул аксакал кен тармагында тажрыйбалуу болуп калганына байланыштуу, октябрь айында эле Кумтөр менен Жерүйдүн тегерегинде ызы-чуу салып, ал эми декабрда болсо эч дипломатиялык тажрыйбасы жок жана тил билбегенине карабастан Малайзияга элчи болуп дайындалган.

Бекназаров синдрому

Бул синдром аябай жугуштуу синдром экен. Өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан жаш саясатчыларга. Анткени, 14-январда «Бекназаровдун методун» колдонолу деп, бир катар активисттер Бишкекте Жерүй алтын кени боюнча тегерек стол өткөрүштү. Күн тартибинде экология, Жерүй алтын кениндеги ишмердүүлүктүн жүрүшүндөгү коопсуздук, «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан берилген убадалардын аткарылышы жана ал тараптан негизделген фонддорго түшкөн каражаттардын сарпталышы тууралуу маселелер коюлган. Тегерек столдун жалпы тону- негативдүү болду, нааразычылыктын себеби- «Жерүй» долбоорунда мамлекеттин бир дагы процент акциясы жоктугу. 

   Пайыз боюнча: декабрь айында “Альянс-Алтын” компаниясы жыл жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылы мартта алгачкы алтын куймаларын чыгарарын, ушул жылдан баштап, мамлекеттик казынага салык катары 2 млрд. сом төгүлөрүн, андан облуска валдык пайданын 2 пайызы берилерин баса белгилешкен.  

Өздөрүн коомдук ишмер деп атаган катышуучулар чындыгында түрмөдө отуруп чыккан саясатчылар, жумушсуз эксперттер жана революциялардын «унутта калган» каармандары болуп чыга келишти. Булардын калк арасындагы кадыры эчак эле кайтыш болгондугун унутканбы же бүткөн ишке сынчы көп дегендей бир нерсе айтып сындап калыш керек болдубу? Болбосо курулушу бүтүп, баары даяр болуп, алтынга келгенде эки өлкөнүн ортосу от жаккысы келиштиби? 

Баяндамачы журналисттер арасында «универсалдуу эксперт» атка конгон Базарбай Мамбетов болду. Анын сөзү «Жерүй» кениндеги инвестордун ишмердүүлүгүнүн шарттарынын Кыргызстан үчүн пайдасыздыгы» деп аталды. Ал көп жылдан бери бюджеттин негизин түзүп келген «Кумтөр» тууралуу дагы ушул кепти ондогон жылдар бою айтып келет. Бирок, «Жерүй»- башка кеп. Мамбетовдун айтымында, аталган кенди иштетүү лицензиясы мурунку бийлик тарабынан орус инвесторлоруна болгону 100 миллион долларга сатылган (Бакиев бийлиги лицензияны 300 сомго сатмак болгондо, бул эксперт кайда эле?). Ошол 100 млн. долларга 80ге жакын мектеп курулуп, калган сумма стратегиялык жолдорду салууга кеткенин. Өлкөнүн экономикасына салымын салганын айта кетсе болмок.  Бирок эксперт учурдагы инвестордун Кыргыз өкмөтүнүн лицензиянын мурунку ээлерине соттун чечимине ылайык 580 миллион доллар төлөп берүүсү тууралуу көйгөйүн чечүү жоопкерчилигин толугу менен мойнуна алганын эстегиси келбейт. Аны ойлоп да койбойт. Мамбетов ар кандай маектеринде жергиликтүү жашоочулар Өнүктүрүү фондуна берилген 7,5 миллион долларга факт жүзүндө сатылып кетишкендигин билдирип келет. Ал таластыктар «Альянс Алтындын» кенди иштетүүсүнө каршы чыкпагандыгын кату кайгыруу менен айтат. Ошону менен, ал ишкана үч жылдан бери ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жаткан шарттарды өкмөт кайра кароосун талап кылды. А бирок, бир кезде Жерүйгө жарыяланган конкурс учурунда кызматка илинип калууну көздөп, компаниянын өкүлү болуп, таластыктарды колдоп берүүсүн өтүнүп, бир канча жолугушууларды өткөрүп,  компаниянын жетекчисин мактап-жактагынын эсинен чыгарып, же эл унутуп койду дейт го? Аксакалын сыйласа, азыркы “дүжүр чалдын” кейпин киет беле? Же кызмат орун, намыстан да бийикпби? 
  
     Башкалары деле оригиналдуулугу жагынан кем калышкан жок. «Региондор аралык жаңжалды козуткандыгы» үчүн 4,5 жыл темир тор артында отуруп чыккан аграрий Бекболот Талгарбековдун сөзү эле эмнеге тете. Тегерек столдо ал “бийликтеги коррупция тууралуу ачык сүйлөгөндүгү үчүн” түрмөдө отуруп чыккандыгын билдирди. Анын ою боюнча, бардык кырсыктар үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү. «Биз Жерүй боюнча изилдөө жүргүздүк. Коррупциялык иштерге тиешеси барларды жоопкерчиликке тартуу керек. Алмазбек Атамбаев алтын кендеги каражаттарды өзүм билемдик менен колдонгондугу үчүн ага кылмыш ишин козгоо керек»,-деди Талгарбеков. Бирок ал эч кандай далил көрсөткөн жок. 
   
    Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн 4 жылга шарттуу түрдө кесилген Дастан Сарыгулов дагы бул маселеге экс-президентти күнөөлөдү. 

«Атамбаев баш болгон адамдардын тобу алтын кенин тоноп, ал жердеги акчаларды өз кызыкчылыгында колдонушкан (куру доомат). Аны өкмөт көзөмөлдөшү керек эле, бирок ал унчуккан жок. Ал кезде өкмөттү Сариев жетектеп турган, эми ал бардыгы үчүн жооп берсин. Менин сунушум: эгерде алтын кени мамлекетке эч кандай пайда алып келбесе, анда толугу менен токтотулсун. Бирок Атамбаев айткан «чимкирик парламенттин» кенди токтотууга дарамети жетпейт!»-деп өзүнө өзү жооп берди. 
Жерүй боюнча бир катар депуттардын кылмыш жазасына тартылышын эл арасында КСДПнын жалган лидери аты менен белгилүү Сагынбек Абдрахманов дагы талап кылды. 
Булар бийлике болгон таарынычын, арыз-арманын, экс-президентке, “чимкирик” парламентке нааразычылыгын билдирген иш-чарадагы эң көрүнүктүү цитаталар болду. 

Талас эли- мурунку камактагылардын коргоосуна муктаж эмес

Дүрбөлөңчүлөр заманбап технологияларды да айланып өтүшкөн жок. Бир нече күн мурда whats-app топтордо 14-январь күнү таластыктар Жерүй кениндеги ишмердүүлүктү токтотуу талабы менен Ак үйдүн маңдайына митингге чыгаары тууралуу маалымат тараган. Бирок Таластын тургундары эч кандай митинг өткөрүүнү пландабай тургандыгы белгилүү болгон. Ал эми жалган маалыматты болсо провакаторлор Жерүй темасына болгон кызыгууну арттыруу максатында жайылтышкан. Таласта кырдаал тынч жана жергиликтүү жашоочулар эч кандай эксперттердин жана мурунку камактагылардын коргоосуна муктаж эместигин коомчулукка көрсөтүү максатында бир катар жарандык активисттер менен аксакалдар «АКИ-пресс» агенттигинин жергиликтүү филиалында маалымат жыйын өткөрүп, анда «Бишкекте отуруп алып, Талас облусунун элинин атынан сүйлөгөн туура эмес. Бишкекте элди мындай жол менен чогултуунун ордуна Таласка келип, кырдаалды ушул жерден изилдешсин. Айбек, Аманбол, Мамбетов аксакал, Таласка келиңиз. Биз сиздерге жергиликтүү администрациянын залын тартуулап беребиз, бардык маселелерди бирге талкуулайлы. Бишкекте жатып алып, Таласты жаман жагынан көрсөткөн туура эмес. Кимдики туура, кимдики калп экенин чогу табалы»-деп билдиришкен. Андан сырткары, маалымат жыйындын катышуучулары элди бөлүп-жарып, провакация кылып, шайлоолор алдында упай топтоону токтотууга чакырды.

Жерүй соодалашуу объектиси эмес, пайда берчү объект

Жерүй кенинде бир айдан бери кен иштетилүүдө. Алтын чыгаруучу фабриканы ишке киргизүү үчүн запаста 25 миң тонна кен болуусу зарыл. Март айында биринчи жамбыны алуу пландалууда. Бул 2020-жылы бюджетке долбоордон түшкөн каражат көбөйөт дегенди билдирет. «Альянс Алтын» ишканасы 2018-жылдан бери бюджетке чоң салым кошуп келет. Бүгүнкү күндө кенде 600дөн ашуун адам такай негизде иштеп келет, дагы 250 адам окуп жатат. 2020-жылдын 1-кварталынын акырында «Жерүйдүн» жумушчуларынын саны 1000 адамга жетет. Алардын 90 пайызы Талас облусунун жашоочулары. «Жерүйдөгү» орточо айлык акы 500 долларды түзөт. 
Жакынкы келечекте Кыргызстан «Жерүй» долбоорунан  салык жана төлөмдөр түрүндөгү түз каражаттардан тышкары, регионду өнүктүрүү жана мультипликативдик эффект түрүндөгү тикелей түшүүлөрдү дагы ала алат. Жалпы эсеп боюнча учурдагы баалар менен мамлекет 700 миллион доллар өлчөмдө пайда көрөт. Негизинен булар: роялти, экологиялык төлөмдөр, Социалдык фонд, киреше салыгы, юридикалык жактар тарабынан төлөнө турчу салык.
 
    Дагы бир белгилөөчү жагдай - толук маалыматы жок адамдар алтынды өлкөдөн чыгарып, сатып кетет деп ойлошот. Алтын Кыргызстандан эч жакка чыкпайт жана Кара-Балтадагы заводдо тазаланат. Кийин алтынды Улуттук банк койгон баада реализацияланат. Тагырагы, азыркы мыйзамга ылайык, алгачкы соодалашууда алтынды сатып алуу артыкчылыгы Кыргыз өкмөтү менен Улуттук банктын тарабында болот.

   Таласта Жерүй менен иш алып барган ишканалар, жеке ишкерлердин бардыгы акырындап өнүгүп жатат. Алар камсыздоочу компаниялар, кенди ташыган, коопсуздукту камсыздаган, тамак-аш, жатакана, тазалык, таштандыларды чогултуу кызматын көрсөткөн ишканалар. Андан тышкары кийим-кече тигип, тамак-аш азык-түлүктөрү менен камсыздай турган жергиликтүү ишканалары өнүгөөрү - факт. Б.а. тоо-кен тармагына салынган ар бир сом көбөйүп отуруп беш сом болуп кайра түшөт. Кендеги 1 кишини тейлөөгө, 5 киши иш менен камсыз болот. Ошондо кендин иштеши жалпы 1000 кишини эмес 5000 адамды иш менен камсыздоодо.
Өкүндүргөнү Жерүй долбоорунун маанилүүлүгүн түшүнбөй, же түшүнгүсү келбей, бут тоскон, көрө албай жаткандар болгондугу...
Бирок миңдеген үй-бүлөлөрдү бага турчу эң маанилүү долбоорду саясий соодалашуу объектиси катары колдонууга жол бербөө керек жана бул тууралуу өкмөт органдары чара көрүүсү зарыл. Болбосо шайлоолор жакындаган сайын, мындай адамдар көбөйгөндөн көбөйүүдө.

Даярдаган Тимур Термечиков
Булак:Факты.кж гезити



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты