Бардык жаңылыктар

Депутаттар тобу судьяларга байланыштуу мыйзамдарга конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин өтүү баллын аныктоо боюнча түзөтүүлөрдү сунуштоодо

Жогорку Кеңеште Судьяларды тандоо кеңешинин иш-аракетин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жана мыйзамдагы кемчиликтерди жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутаттар Тынчтык Шайназаров, Бактыбек Сыдыков, Эмил Токтошев.

Демилгечилердин бири Тынчтык Шайназаров иш милдеттеринин өзгөчөлүгүнө жана мүнөзүнө байланыштуу судьялык кызмат өзгөчө статусу менен айырмаланарын, андыктан судьялык кызматка талапкерлерди  сапаттуу тандоо сот реформасын жүргүзүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. “Конституция менен мыйзамдарда судьяларга жогорку кесипкөйлүк, жоопкерчиликтүүлүк, билими жана иш жөндүүлүгү боюнча тийиштүү даярдыктардын болушу каралган”, - деди ал.

Мыйзамга ылайык, Судьяларды тандоо кеңеши конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн талапкерлердин тизмесин түзөт. Бул тизме конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү иретинде түзүлөт. Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдардын эң көп санын алган талапкерлер алган баллдарынын санына жараша Президентке сунушталат.

“Биздин оюбузча, конкурстук тандоодон өткөн талапкерлер үчүн өтүү баллын аныктоо зарыл. Ошондуктан, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамга төмөнкү мазмундагы толуктоону киргизүү керек:

“21-1-беренеcинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

«Судьяларды тандоо боюнча Кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү иретинде түзүлөт, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитилген өтүү баллдан төмөн эмес»;

“21-1-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-абзацы төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

«Конкурстук тандоодон өткөн жана өтүү баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Өтүү баллын албай калган талапкерлер бир жылдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин судьялардын башка бош кызмат орундарына конкурстук тандоого катышууга укуктуу».

Белгилей кетүүчү нерсе, мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр төмөн балл алган талапкердин башка судьялык бош кызмат ордуна жарыяланган конкурстук тандоого бир жыл ичинде бир нече жолу кайталап катышуусуна бөгөт коет.

Андан тышкары, “КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга да төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл:

- “КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы “Кеңештин Регламенти” деген сөздөн кийинки «жана Конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө Жобо” деген сөздөр алынып салынсын;

- ушул эле бөлүмдүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын (“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 21-1-беренеснинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келгендиктен).

 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты