Өткөндө Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек деп жалпы жыйында бир күпүлдөп алды. Ал муну жөн жерден айткан жок. Баягы эле бийликке бир жагынып, кошоматка кой эмес, төө сойгон саясаты менен айтты.
Бул бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы элге азыркы жашоо -шартты түзүп, ар бир адамдын казанына аш салып берип жаткандай келжирей беришет. Чынында эл мамлекеттен жардам албай, турмуш шартты өз аракеттери менен түзүп жатышат. Бийликчил атка минерлер болсо элдин канын соруп, коррупция менен гүлдөп, өнүшүп, анан элге акыл айтып жатышат. Чынында ушул бийликтеги 150-200 атка минерди Бакиров айткан Памирге айдап, ошол жактан 1 жыл жашатып, аң-сезимин ойготуш керек.
Баса, өткөн Атамбаевдин тушунда Сайдулла Нышанов кошоматчылык жактан эч кимди алдыга салбай, атагы катуу таш жарды эле. Эми Бакиров андан ашып баратат. Кыскасы, Жээнбековдорго жагыш үчүн кошоматчылыктын "илибой" түрүн жасап, оозуна келгенди оттоп жатышат...
Булак: “Багыт.kg”
Тектеш кабарлар
Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн” Маек // 11-10-2019, 11:45 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
Жээнбековдун досу жана мураскери ким? Саясат // 3-04-2019, 17:55 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |