Бардык жаңылыктар

Эл өкүлдөрү маданият тармагына – кинотеатрларды оңдоп-түзөөгө, китепканаларга тиешелүү шарттарды түзүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилешти

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында эл өкүлдөрү Өкмөттү маданият жана саламаттыкты сактоо тармактарына көңүл бурууга чакырышты.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов үч жыл катары менен региондорун өнүктүрүгө басым жасалып жатканын айтып, бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарындагы «Заря» кинотеатрынын, ошондой Ноокат, Араван райондорундагы, Каракол, Кара-Суу шаарларындагы кинотеарлар жараксыз абалда тургандыгын билдирди. Ошону менен катар мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен маданий обьектилерди кайтаруу зарылдыгын Өкмөттүн жана Башкы прокуратуранын астына койду.

Депутат Дастан Бекешев акыркы жылдары маданият обьектилерин оңдоп-түзөөгө көңүл бурула баштаган иштерди Өкмөт улантуусу керек дейт. Эл өкүлү улуттук китепкананын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү зарылдыгына токтолуп, анда иштегендерге жана сакталып турган баалуу китептерди туура сактоого шарттарды түзүү көйгөйлөрү курч тургандыгын ортого салды.

Депутат Аида Исмаилова маданияттын мыктысы, белгилүү гимнаст Асланайым Ашырова Эр-Риядда өткөн (Сауд Арабия) өткөн Төө фестивалында кырсыкка кабылгандыгын, анда аз жерден бутунан ажырап кала жаздаганын, жергиликтүү бийлик жетекчилери ишти колго алып бутун сактап калганын, бирок майып болуп калгандыгын тизмектеп айтып берди. Фестивалга баргандардын ден соолугун камсыздандыруу маселеси эмне үчүн колго алынбагандыгын, ага жооптуу мамлекеттик мекеме жетекчилеринин жоопкерчилиги сыяктуу маселелер каралышы керектигин баса белгиледи.

Депутат Жылдыз Мусабекова КР Өкмөтүн ыгы жок той-топурларды өткөрүүнүн ордуна райондордогу социалдык, инфратүзүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө маани берүүгө чакырды.

Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча маселени КР Өкмөтү өзүнчө маселе кылып кароону сунуш кылды.

Депутат Гүлшат Асылбаева врачтардын эмгек акысын жогорулатуу маселеси сөз бойдон калып жатат деген пикири менен бөлүштү.

Депутат Алмазбек Эргешов Кытайдан аныкталган короновирус вирусу боюнча дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер дүрбөлүңгө түшүп, абамайдандарынан текшерүүнү күчөтүп жатканын айтып келип, Өкмөттү буга тиешелүү чараларды көрүүгө жана Кытайда окуп жаткан кыргыз студенттеринин абалына көңүл бурууга чакырды. Мындан сырткары, Дача-СУ айылындагы тургундардын мектеп куруу өтүнүчтөрүн аткаруу бийлигине жолдоду.

Депутат Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районундагы Арсланбап айылынын Кош-Терек участогундагы ФАП штаттык бирдик жоктугунан иштебей тургандыгын көтөрдү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады