Бардык жаңылыктар

Казакстанда коронавирус тууралуу жалган маалымат таратууга шектелгендер кармалды

30-январда Алматы облусунда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу аймактын полиция департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөрдүн бири облустагы райондук ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштейт. Ал социалдык түйүндөргө Алматыда коронавирус жуктурган 70 адам бар экендиги тууралуу жалган маалымат чыгарган. Учурда кармалган дарыгерге карата «Жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Полиция департаментинен билдиришкендей, мындан тышкары 30-декабрда жалган маалымат таратуу шеги менен Капшагай шаарындагы тез жардам кызматынын эки айдоочусу кармалган. Алар WhatsApp мессенджери аркылуу коронавирус жуктурган эки адам тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө.

30-январда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Казакстанда 38 адам короновируска шектелип ооруканаларда жатканын билдирген.

Бейшемби күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун башка өлкөлөргө жайылып жатканына байланыштуу глобалдык масштабдагы өзгөчө абал жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча вирустан 200дөн ашык каза болду. Бул илдетти жуктурган учурлар 18 өлкөдө аныкталды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады