Бардык жаңылыктар

Сүрөт - ИИМ: "Кылмышка шектүүлөр кармалып, "Дөө Чынгызга" издөө жарыяланды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын, андан сырткары ИИМдин Тергөө кызматынын  кызматкерлери тарабынан сотко чейинки иликтөөнүн алкагында  жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө оор кылмыштын бети ачылды.
Ички иштер органдары тарабынан оор кылмыш ишине шектүү катары 1981-жылы туулган Жумагулов Чынгыз “Дөө Чынгыз” издөөгө алынды.
Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат тарап,  анда 2019-жылдын 10-апрель күнү болжол менен түнкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын 102-кызматынан маалымат келип түшкөн, анда Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке менчик медициналык клиникасынан алган жаратынан улам өзүнө келбей, болжол менен жашы 30-35 чамасындагы азиат улутундагы белгисиз адам көз жумганы тууралуу  билдирүү келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобу, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы “Камек” аттуу жеке менчик медициналык клиникасына барган кезде, төмөндөгүлөр аныкталды.
2019-жылдын 9-апрель күнү, болжол менен саат 23:40 чамасында белгисиз азиат улутундагы адамдар тарабынан, бет башына алынган жаракаттары менен, эки азиат улутундагы болжол менен жаштары 25-35 чамасындагы  жарандарды белгисиз бирөөлөр жеткизип келишкен.
Алардын бирөөсү Талас облусунун тургуну, 45 жаштагы И.А. келип түшкөн. Денесиндеги оор жаракаттардан улам жасалган реанимациялык иш чараларга карабастан түнкү саат 00:20 до реанимациалык столдун үстүнөн көз жумган.
Экинчиси болуп азиат улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамасында адам дарыгерлер тарабынан көрүлгөн медициналык-реанимациялык иш-чаралар учурунда  саат 10:00 до реанимациалык столдун үстүнөн көз жумган.  Иш-чараларды өткөрүү учурунда экинчиси такталып,  ал Талас облусунун тургуну 36 жаштагы У. А. экендиги такталган,  мурда тоноо жана карактоо фактылары менен соттолгондугу аныкталган.
Жогорудагы факт боюнча чогултулган материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат системасына  катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин 2,3 -бөлүмү (денеге оор залал келтирүү менен адам өлтүрүү) менен катталган.
Ушуга байланыштуу, аталган кылмыш  коомдук коркунуч жараткандыктан аны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тартылган.
ИИМдин КМКнын УККБнын маалыматы боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Баш айлынан ооруканадан каза болгондордун бирине таандык “Ауди С-6” үлгүсүндөгү автоунаа табылып,  унааны кароо учурунда, унаанын ичинде кандык тактары бар экендиги, андан сырткары   “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча эки магазини   жана дүрбү,  уюлдук телефондор табылган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын, андан сырткары ИИМдин Тергөө кызматынын  кызматкерлери тарабынан сотко чейинки иликтөөнүн алкагында  жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө оор кылмышка тиешеси барлардын өздүгү такталган.
Аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышты.
КМКнын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топтордун  биринин мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат жана мурда бир  нече жолу соттолушкан.   
 Азыркы убакта аталган кылмышка шектүү катары, ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери оор кылмыш ишине тиешеси бар үчүнчү шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган Жумагулов Чынгыз Адашкановичке (Дөө Чынгыз)  издөө жарыяланды. Бардык ички иштер органдарынын ыкчам жана сырткы кызматтарына оор кылмыш ишин жасаган шектүүнү кармоо боюнча багыттамалар берилди.
Учурда ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана тергөө кызматы ыкчам-иликтөө жана издөө иш чараларын жүргүзүүдө.









Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады