Бардык жаңылыктар

Жаманкулов: Тарых музейин ачуу үчүн германиялык компанияга акчасын беребиз

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги Улуттук тарых музейин быйыл ачууга аракет кылып жатканын билдирди. Ал 5-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаровдун суроосуна жооп берип жатып, 2020-жылы Орусия менен биргеликте иш-чараларды тарых музейинде өткөрүү каралганын айтты.

- Акчасын берип, ачкычтарын алабыз. Азыр жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатат.

Буга чейин Жаманкулов музейди оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча сот болуп жатканын жана музейди оңдогон германиялык компанияга Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин айткан.

Кыргыз тарап 225 миң евро төлөгөндөн кийин гана немис ишканасы музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын бере турганы кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда музей ишине байланыштуу сот жүрүп жатат. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева баш болгон адамдар «Коррупция» беренесине шек саналууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону колуна алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам түрк тарап музейди оңдоо ишин токтотуп койгон. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.​

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайн өзгөртүлгөн. Музей ушул күнгө чейин ачыла элек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 19:07
ВИДЕО - Жаңы министр түз эфирде тилинен чалынып, боорду эзди
Видео // 20:07
ВИДЕО - Темир Сариев кризистен экономиканы сактап калуунун жолун айтты
Видео // 09:37
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаев: Саясий көк бөрү жарыялоо-коркунучтуу!
Видео // 09:32
Түзүлгөн кырдаал боюнча Адахан Мадумаровдун билдирүүсү
Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"