Бардык жаңылыктар

Дональд Лу: АКШ Кыргызстанга киргизген визалык чектөөнүн бир эле себеби бар

Кошмо Штаттардын Кыргызстанга карата киргизген визалык чектөөсүнүн бир гана себеби бар. Бул тууралуу 5-февралда «Азаттыктагы» маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

Элчи «АКШ коррупцияга байланыштуу визанын айрым түрлөрүн берүүдөн баш тартыптыр», «Транзиттик борборду жаап салганы же сөз эркиндигинин абалы үчүн ушундай кылды» деген божомолдор айтылып жатканын, бирок алар негизсиз экенин белгиледи:

«Мунун баары чындыкка дал келбейт. Буга бир эле себеп бар – Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт чыгарбагандыгы. Эгер Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO – International Civil Aviation Organization) сайтына кирсеңиз же электрондук, же биометрикалык паспорту бар 160 өлкөнүн тизмесин көрөсүз. Электрондук паспорттун ичинде чип болот жана аны жасалма кылып чыгаруу мүмкүн эмес. 160 өлкөдө ошондой паспорт бар, ал эми 30 өлкөдө мындай паспорт бериле элек. Кыргызстан ошол 30 өлкөнүн ичине кирет».

31-январда АКШда президент Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизген.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Ал тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон. Мекеме заманбап паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштай турганын билдирүүдө.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады