Бардык жаңылыктар

Темир Сариевдин кадамы арбып баратат...


Быйыл өлкөдө шайлоонун шарапаты өкүм сүрө турчу мезгил болуп калды. Буга ылайык саясатчылар жана саясий партиялар жанданып баштады. Тагыраагы апрель айында өлкө ичинде шаардык кеңештерге шайлоо болгону жатат. Айрым маалыматтарга таянсак бийлик колдогон партиялар эмитен эле күүлөнүп, шаардык кеңештерди колго алабыз деп атышканы кандай? Ошол эле "Биримдик" партиясы шаардык кеңештерге катышып, жогору жактын таасири менен утуп келебиз деген таризде төш кагып жатышыптыр. Ал ортодо Канат Исаев дагы кыпчылып, алөпкөлөнүп "мени президент колдойт" дегенсип ажонун атын сатып, "Кыргызстан" партиясын алып чыгып жеңишке жетем деген далалаты күч экени айтылууда. Канат Исаевдин бул кылыгына шаар тургундары нааразы болуп жатышканын эшиттик. Албетте, Исаев мындай жосунсуз жоругу менен ажонун атына кир келтирип жаткан жокпу? Негизи эле мындай тайкы саясаттан качан арылабыз? Карапайым калктын ой мүдөөсү качан ишке ашат? Жок дегенде ушул шаардык кеңештердин шайлоосуна кийлигишпей, карапайым калтын тандоосуна койсок кантет? Кечээ, "Ак Шумкар" саясий партиясынын лидери Темир Сариевди партиянын Каракол шаарынындагы активдүү мүчөлөрү чакырып, шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу тилектерин билдиришти. Темир Сариев Караколго барып шаардын активдери менен жолугуп, ал жактагы жаштар менен Караколдун социалдык-экономикалык абалы боюнча талкуу кылып, келечектеги пландары тууралуу талкуулап кайтты. Бул дагы болсо элдин татыктуу партияларды тандоого болгон кадамы катары бааласак болот. Себеби, партиянын Караколдогу өкүлдөрү эл менен баарлашып, карапайым калктын колдоосуна таянуу менен шайлоого катышууга белсенип турган чагы. Бул жолугушуу жемиштүү жана конструктивдүү болду. Албетте, шайлоонун шарапаты шайтан оюндар менен коштолсо, арты жакшы болбойт, го?..



ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады