Бардык жаңылыктар

Алтынбек Жунус уулу, депутат: "Кайсы бир саясатчынын куралы же камчысы болгон эмесмин"

Жогорку Кеңештин депутаты Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы митинг-пикеттер тууралуу социалдык баракчасынан билдирүү жасады. 

"Урматтуу мекендештер 2 күндөн бери социалдык тармакта Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы митинг-пикеттердин артында депутат Алтынбек Жунус уулу турат деген жалган маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу таратылып, бүгүн видео материал жайылтыла баштады.

Мен аталган логистикалык борбордун салынышын колдоп, жумушчу орундар түзүлүп, жалпы элге пайдасы тийсе экен деген максатта Ат-Башыга барып, жердештеримди да колдоого чакырып жатканымды, атбашылыктар жакшы билет. Ат-Башыга бир эмес эки сапар барып эл менен жолугушууларды өткөрүп, эмнеге каршы болуп жатканын өз кулагым менен, маңдай-тескей отуруп угуп келдим.

Акыркы жолу Ак-Талаа айылындагы митингге район акими, Нарын СЭЗ жетекчиси менен кошо барып, жердештериме логистикалык борбордун зарылдыгын түшүндүрүүгө аракет жасадым. Элдин көпчүлүгү: “Биз логистикалык борборго каршы эмеспиз, нааразы болгонубуз -Эмне үчүн Кытайга? Эмне үчүн 49 жылга? Башка инвесторлор курса болбойбу? Кытайлар менен келишимдер эмнеге ачыкка чыкпайт? ж.б.у.с. суроолорду беришти. Ак-Талаа айылындагы акыркы митингден интернетте тараган видеолордо да ак ниет менен барып, каршы болгондордун талоонунда калганымды көпчүлүк эл көрдү. Эми элге барып жолукканымды, социалдык тармактар аркылуу акыл-эси бар адамдын оюна келбеген каралоо жүргүзүп жаткандардын кандай түшүнсө болот? Видеотасмада мен "Манас деген баланын атасына логистикалык борбор тууралуу кагаздарды көргөзүп, курулушун колдоого көндүрдүм деп айтып жатам. Ушул сөздү “логистикага каршы митинг уюштуруп жатат” деп колдонуу акылга сыйа турган ишпи? “Алтынбек Жунус уулу башаламандын уюштуруучусу” деген атайылап жасап жаткан кара ниет каралоо.

Айтылган сөздөрүмдү бурмалап, “башаламандыкка тиешеси бар” деп видео материалды жазагандарды текшерип берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылам. Эл арасына чагым салып, ким бирөө тууралуу жалган маалымат таратып, кадыр-баркка шек келтиргендер жоопкерчилик тартуусу керек. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз.

Мен эч качан элден жашырып саясий ишмердик жүргүзгөн эмесмин, баарын оюмду, позициямды парламент трибунасынан ачык эле айтам. Кайсы бир саясатчынын куралы же камчысы болбогонумду дагы бир жолу билдирем",-деп Алтынбек Жунус уулу кайрылуу жасаган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди