Бардык жаңылыктар

Маанилүү макала: Темир Сариевдин "Ак Шумкары" табына келе баштады...


Өлкөдө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар дагы, эл дагы жанданып баштады. Айрыкча карапайым калктын "бул ирет акыл калчап тандоо жүргүзөбүз" дегени жакшы жышаан катары бааланууда. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" демекчи, элдин дагы көзү ачылып бүттү. 2010-жылдан берки эки чакырылышта тең жалаң капчыктууларга азгырылып, аларды шайлап келишсе, эми алардан майнап чыкпаганына ынанып, "бул жолу өлкөнүн келечегин акча менен эмес, акыл менен тандап, билимдүү, ишбилги лидерлер баштаган партияларга  добуш беребиз" деп айтып жатышканы кубантууда. Албетте, аламан жарышта күчтүү саяпкердин тулпары маарага биринчи болуп келет эмеспи. Шайлоодо башкы саяпкер - эл, демек, карапайым калк өз келечегин өзү татыктуу тандап алаары турган иш. 

Ал эми бүгүнкү күндө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясаттын казаны кайнап, шайлоонун шаңы башталып кетти. Айрыкча бийликке ыктаган талапкерлер эмитен эле ымалашып, белгисиз партиянын тегерегине бириге башташты. Кээ бир партия лидерлери "бизди бийлик колдойт" таризинде кеп таратып, кошоматтын коюн союп келишет. Электораты жок, көчөдөн эле бир партияны алып чыгып, бийликтин таасири менен өткөрүп алышабы? Аларга ыктап, жандалбастап жаткан саясатчыларды, учурдагы депутаттарды карап көрсөк, баары эле азоо, кашаң аттардай. Алар мекен жүгүн татыктуу көтөрө алышабы? Бул жагынан алганда эл аларга иренжип турганы жашыруун эмес. Ошондуктан, эл өзү татыктуу тулпарды таптап чыкканы калды. 

Учурда карапайым калк арасында "Ак Шумкар" саясий партиясынын лидери Темир Сариевдин ысымы байма-бай айтылып, төгөрөгү төп келген саясатчы катары бааланууда. Калк арасында анын депутат, министр, премьер-министр болуп тургандагы аткарган иштерине саресеп салынып, "ушундай мекенчил, ишбилги инсанды колдойбуз" деген кептер кызуу жүрүп жатат. Ооба, демилгелүү сергек саясатчы Темир Сариевди колдоого неге болбосун? Сариев инсан катары да, жетекчи катары да өзүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган. Аламан алдында жалындуу колдоо байкалууда. "Калк айтса калп айтпайт" демекчи, эл кимдин ким экенин таразалап, татыктуу лидерге жөн жерден токтолуп жатпаса керек да, туурабы? Көпчүлүк да кимдин ким экенин түшүнүп калды...

Сурат Жылкычиев
Булак:Азияньюс

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди