Бардык жаңылыктар

Кытай бийлиги коронавирус жуктургандар кескин көбөйгөнүн билдирди

Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны бейшембиде кечекиге салыштырганда он эсеге көбөйүп, 15 учур катталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Набыт болгондордун саны эки эсеге көп – 242 киши.

Шаршембиде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы басаңдаганын билдирген.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы статистиканын кескин көбөйүшүн дартты аныктоонун жаңы ыкмасы менен түшүндүрдү. Мындан ары диагноз башка иликтөөлөрдү күтпөстөн, компьютердик томография менен аныкталат. Бул ооруну жаңы башталганда эле дарылоого жол ачат.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 60 миң кишини түзүп, алардын ичинен 1300дөйү көз жумду, 6 миңдей адам айыкты.

Кечээ Лондондо да коронавирус жуктурган учур аныкталган. Бейтап бир нече күн мурун Кытайга барып келгени белгилүү болгон. Ушуну менен Британияда тогуз киши илдетке чалдыккан. Коронавирус дүйнөнүн 50 өлкөсүндө жайылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус эпидемия качан токтой турганын айтуу эрте экенин маалымдаган. Учурда окумуштуулар түрдүү төрт вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Коронавируска байланыштуу бир нече иш чаралар токтотулду. Эл аралык автомобиль федерациясы "Формула-1" сынагын кийин өткөрүү чечимин кабыл алды. Барселонада Mobile World Congress көргөзмөсүнүн уюштуруучулары да иш-чараны өткөрүүнү токтотту.

13-февралда Сингапурда DBS банкында иштеген кишиден коронавирус табылгандан кийин 300дөй кызматкер карантинге алынган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады