Бардык жаңылыктар

Бакуда полиция оппозициячыл 20 талапкерди кармап кеткен

Азербайжан полициясы оппозиция же өз алдынча талапкер катары парламенттик шайлоого катышып, соңунда шайлоону «таза өткөн жок» деп сындап чыккан 20 талапкерди кармады.

11-февралда парламенттик шайлоого нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына келип, нааразылык ирээтинде жуурканга оронуп отуруп алышкан. Акциянын бардык катышуучуларын полиция кармап кетти. Азербайжандын ички иштер министри Эхсан Захидов «акция мыйзамсыз, анын катышуучулары мыйзамдын талаптарына моюн сунган жок» деп билдирди.

БШК маалымдагандай, «Жаңы Азербайжан» партиясы парламенттеги 125 орундун 70ин алды. Калган мандаттар өлкө президенти Ильхам Алиевди жактаган майда партиялар менен партиясыз талапкерлер арасында бөлүштүрүлдү.

Эл аралык байкоочулар добуш берүү учурунда мыйзам бузууларга жол берилгенин, бул шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратарын билдиришкен. Алиев шайлоону белгиленген мөөнөттөн тогуз ай эрте өткөрдү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди