Бардык жаңылыктар

20-февралдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети жабылат

2020-жылдын 20-февралдан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол - унаа жолу" (Кыргыз Республикасы) – "Кордай - унаа жолу" (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Жөө адамдар (чоң жүгү болбосо) бул көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу өтө алышат. Ошол эле учурда ал өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлө берет. "Ак-Жол - унаа жолу" бекети саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт", - деп айтылат маалыматта.
Чүй облусунун аймагында төмөнкү көзөмөл-өткөрмө бекеттери иштейт: "Ак-Тилек - унаа жолу", "Токмок - унаа жолу", "Кең-Булуң - унаа жолу", "Чалдыбар - унаа жолу" жана "Кайыңды - темир жолу".
"Ак-Тилек - унаа жолу" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.
"Токмок - унаа жолу" эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю. Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.
"Кең-Булун - унаа жол" эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан.
"Кайыңды - темир жолу" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.
"Чалдыбар - унаа жол" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.
Баардык көзөмөл-өткөрмө бекеттери күнү-түнү иш алып барат.
Үч көзөмөл-өткөрмө жайында – "Акжол - унаа жолу", "Ак-Тилек - унаа жолу" жана "Чалдыбар - унаа жолу" бекети аркылуу чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар - жарактуу "Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын" ээлери өтө алат.
Өткөрмө бекеттердин иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилсе, ал өзгөртүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилип турат. Суроолор үчүн: (0312)- 88-16-18, (0312) - 54-28-99.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди