Бардык жаңылыктар

ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны боюнча маалымат таратты.
Ага ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган. Министрлик Жапониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.
«Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги «Diamond Princess» круиздик кемесинде коронавирус жугузганы айтылган Кыргызстандын жараны менен 6-февралдан бери байланышып жатат. Элчилик Жапониянын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги менен да дайыма байланышта» деп айтылат маалыматта.

«​World of Cruising»​ журналы «Diamond Princess» кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алганын, арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазды.
«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөөрү кабарланган. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады