Бардык жаңылыктар

Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады...

 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун  Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында, 2019- жылдын 7-жана 8- августунда, А.Атамбаевди күч органдары тарабынан кармоо учурундагы болгон окуяларга коомдук көз карашта, саясий баа берип иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссиянын ишинин жыйынтык   

                                КОРУТУНДУСУ

 Коомдук комиссиянын түзүмү;

Коомдук комиссия 2018-жылдын 24- ноябрында болгон элдик курултайдын чечимдерин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн аткаруу комитетинин чечими менен 25- сентябрь 2019- жылы түзүлгөн.

Комиссиянын төрагасы: Маматаев Улукбек, мүчөлөрү: Абыкеев Чолпонбек, Акеров Табылды, Мадаминов Таалайбек, Аргынбаев Сапар, Бабаназаров Улан, Мадмаров Улан, Жунусов Жамангул,Стамов Бакыт, Дүйшеев Кубан

    Коомдук комиссиянын түзүлүшүнүн себеби

     2018- жылдын 24- ноябрында Кыргызстандын коомдук,саясий жана мекенчил уюмдарынын биринчи Курултайы болгон. Курултайда коомдогу бир катар орчундуу маселелер менен бирге экс-Президент А.Атамбаевдин Президент болуп иштеген жылдарындагы  ишине жана анын натыйжаларына саясий баа берүү маселеси коюлган.Анда экс-Президент А.Атамбаевдин иштеген ишине алты негизги багытта баа берилген. Биз төмөндө курултайда көтөрүлгөн маселеден кыскартылган үзүндү келтирели.

....2011-жылдан берки Атамбаевдин ишмердүүлүгүн, жасаган аракеттерин, түзгөн  башкаруусун жана  алардын натыйжаларын иреттеп отуруп төмөндөгүдөй саясий баа, саясий тыянак чыгарууга  болот:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2017-жылга карата мамлекеттик бийлик узурпацияланган деп айтууга толук негиз бар, анткени ал Конституцияда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, өз жан- жөөкөрлөрүнөн турган мыйзамсыз башкаруу борборун түзгөн, өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун жаңыланган түрү болгон жеке-кландык башкаруу кайрадан орногон, мыйзам тарабынан каралбаган көмүскө жолдор менен бийлик бутактары толугу менен жеке-кландык бийликке баш ийдирилген, натыйжада Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Сот түзүмү, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтары өз алдынчалыгын  жоготуп, жеке кишинин бийлигин чыңдоого жана анын экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын коргоого  кызмат кылып калган,  мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилүүсү, мамлекеттик ички жана тышкы саясат жеке пикирден көз каранды болуп калган, өлкөдө саясий жана экономикалык коррупция күч алган. 

       Бийликтин узурпацияланышы бир күндө, бир айда же бир жылда боло калган жок, жеке-кландык башкарууну орнотууга дээрлик алты жыл талап кылынды. Бирок, бийликти жеке басып алуу жана  аны президенттик мөөнөт бүткөндөн кийин дагы сактап калуу, кийинки шайланган Презиенттин үстүнөн “сырттан туруп башкаруу” режимин киргизүү  идеясы абдан тыкан ойлонулган, алдын ала пландалган жана ырааттуу түрдө 6 жыл ичинде турмушка ашырылган  иш экендиги анык. 

     Мамлекеттик бийликти узурпациялоо белгилерине жана ага  өбөлгө болгон жагдайларга токтоло кетели. 


Биринчи жагдай - бул саясий интригалар, саясий манипуляциялар жана бийлик бутактарын деморализациялоо

       2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык өлкөдө мурдагыдай бир адамдын жеке башкаруусу орношу мүмкүн эмес эле, негизги ролду Жогорку Кеңеш ээлеши керек болчу. Бирок андай болбоду.   Баш мыйзамдын жоболору четте калды. Партиялык фракциялардын ортосундагы атаандаштыкты, депутаттардын жеке кызыкчылыктарын, учурдагы саясий коньюнктураны жана прокуратура, коопсуздук кызматтарын өзүнө тикелей баш ийгендигинен пайдаланып кай бир депутаттарга кысым көрсөтүү жолу менен Атамбаев Жогорку Кеңешти өз эркине баш ийдирип алган. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Жогорку Кеңештин депутаттарынын да жоопкерчилиги чоң.  Алардын “мейли, макул” деген позициясы, айтылган чечимдерди үн катпай колдоп бериши, Конституцияга каршы кыянаттык иш болгон. 

Экинчи жагдайбул Сот реформасын бурмалоо жана сот түзүмүн толук көз карандылык абалына алып келүү

         2010-жылы кабыл алынган жаңы Баш мыйзамга ылайык сотторду тандоонун жана дайындоонун жаңы тартиби киргизилген. Бирок, тандоолор башталгандан кийин бул тартип натура болуп калганы, ичинде абдан көп коррупциялык факторлор жана субъективдик шарттар бар экендиги аныкталган. Ошол себептен Президент Роза Отунбаева тандоону жана дайындоону токтоткон,  реформа толук ойлонулбаган жол менен башталганын моюнга алган, 2011-жылдын 30-ноябрындагы Жогорку Кеңештеги өзүнүн акыркы сөзүндө сотторду тандоо ишинде көп мүчүлүштүктөр бар экендигин, өткөөл мезгилдин президенти катары аларды кайра оңдоого убактысы жетпей калганын, маселенин келечекте оң чечилишине чоң үмүт артаарын айткан.  Бирок, Атамбаев  өлкө башчысы катары аны эске алган жок, сотторду тандоо жана дайындоодогу мүчүлүштүктөрдү өз кызыкчылыгына пайдаланды, ротация деген шылтоо судьяларды жазалоо механизмине айланды, акыры сот түзүмү толугу менен ага баш ийип калды. Ал эми 2016-жылдагы референдум аркылуу киргизилген Жогорку Соттун судьясы болуш үчүн судья болуп иштеген стаждын кереги жок, болгону 5 жыл юрист болсо жетишет деген жаңы тартиби Жогорку Соттун курамын өз кызыкчылыгында жаңылоого жол ачты. 

Үчүнчү жагдайМыйзамсыз референдум өткөрүү жана жогорку бийликтеги тең салмактуулукту өзгөртүү аракети.

         2010-жылдагы Референдумда эмне себептен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 10 жылдык мораторий коюлду эле? Анткени ага чейинки президенттер тарабынан каалаган учурунда, каалагандай өзгөртө берүүгө коом нааразы болчу. Ошондуктан жок дегенде он жыл бир эреже менен жашап, мыйзамды сыйлоого көнүшүбүз зарыл болчу. Он жылда эки жолу парламенттик шайлоо болот, эки жолу президент шайланат, он жылда саясий элита жаңыланат, он жылда Баш мыйзамдын оош-кыйыштары да даана билинип калат, мына ошондо он жылдык тажырыйбаны карап туруп өзгөртүү киргизүү туура болот деп чечилген. Бирок, 2016-жылы Атамбаев референдум өткөрөм деп чыкты. Анын башкы максаты өзү курап жаткан жеке-кландык башкаруунун пайдубалын бекемдөө болчу. Референдум Атамбаевдин кысымы менен өткөнүнүн далили. 2016-жылдын 29-августунда Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция жетекчилери менен жолугуп, референдум боюнча мыйзамды өткөрүүнү талап кылган, алар колдоп берели деп макул болгон.  Бирок андан бир аз убакыт өткөн соң “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев конституцияга өзгөртүүлөр кысым көрсөтүү же колду толгоо аркылуу болбошу керектигин айтып чыккан. Ошол эле учурда Конституциялык Палата дагы референдум боюнча чечимин мыйзамсыз чыгарды. Көрсө палата мүчөлөрүнө 2010-жылдагы Конституциялык Соттун таркатылышы сабак болбоптур. 

Ошентип зордук-зомбулук менен өткөн референдум өлкөдө бийликтин табигаты өзгөргөнүн тастыктады. 

Төртүнчү жагдайсаясий куугунтук жана саясий репрессиялар.

         Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, айрыкча Сот бийлигинин өз алдынчалыгы сакталган учурда саясий репрессиялардын болуусу мүмкүн эмес. Соттун өкүмү менен ишке ашкан саясий куугунтук – саясий репрессия деп аталаарын билесиздер. Атамбаевдин учурунда саясий репрессиялар жанданып,  жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоо, Кылмыш-процессуалдык Кодексин одоно бузуу менен жабык сот процесстерин өткөрүү, каршы пикир айткандарды түрмөгө камоо практикасы кеңири жайылды. Ошол күндөрү берген теле-маегинде Атамбаев тергөө жана сот процесстерине тикелей киришкенин кыйыр түрдө моюнга алганын баарыңар уктуңар. Ошентип саясий репрессиялар бийликти узурпациялоонун орчундуу жагдайы болуп калганы – бул факт. 

         Бүгүн коомчулукта Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Аида Салянова, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Торобай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев, Абдылда Капаров, Садыр Жапаров жана башкалар саясий репрессиянын курмандыктары экендиги, А.Келдибеков,Алманбет Шыкмаматов менен Канат Исаевдер да репрессиялык кысымга дуушар болушканы  ачык айтылууда. 

Бешинчи жагдайсөз эркиндигин чектөө жана журналисттерге карата кысым.

         Сөз эркиндигине Атамбаев тарабынан болуп көрбөгөндөй чабуулдун 2017-жылы жасалганы кокусунан болгон жок. Анткени жеке-кландык башкаруу түзүмү даяр болуп, бийлик бутактарын толугу менен өзүнүн эркине баш ийдирилип алган.   “Вечерний Бишкек” гезити басып алынды, “Сентябрь” теле-каналы сот аркылуу жабылды, “Заноза” басылмасы менен “Азаттык” радиосунун үстүнөн сотко доо арыз берилди, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын, укук коргоочу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын үстүнөн дагы доо арыздар мыйзамсыз берилди, Атамбаевдин абийирине шек келтиргендери үчүн жалпы суммасы 50 млн сомдук айып талап кылынды, ошондой эле көз каранды эмес иликтөөлөрдү жүргүзүп “Мамлекеттик мүлктү сатууда коррупция бар”- деп чыкканы үчүн журналист Эльнура Алканованын үстүнөн кылмыш иши козголду. Мунун баары бир гана максатты көздөгөн – өлкөдөгү сөз эркиндигин ооздуктоо, журналисттердин арасында коркуу сезимин жаратуу.


Алтынчы жагдайволюнтаристтик кадр саясаты. 

         Атамбаевдин 2012-жылдагы өлкөдөгү саясий элитаны алмаштыруу проектиси кеңири жарыя кылынган эле. Сыртынан караганда  мамлекеттик башкаруу органдарына жаштарды алып келүү, саясий элитаны жаңыртуу идеялары колдоого татыктуу болгону менен, анын ары жагында таптакыр башка максат жатканын өткөн турмуш көрсөттү. Атамбаев тарабынан “жаңы элита” катары коомго таңууланган кадрларынын баары азыр таанымал, алар негизинен анын  жан сакчылары, шопуру жана башка жакын адамдары. Мындай волюнтаристтик кадр саясаты мамлекеттик кызматтын баркын түшүрүү менен бирге кландык башкарууну бекемдөө максатын көздөгөнү азыр жашыруун эмес. 

Ошону менен ири коррупциялык иштерге жол ачылган.

         Президент Сооронбай Жээнбеков “24 kg” маалымат агенттигине  берген маегинде: “... биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт” – деп агынан жарылды.

Ошентип Атамбаевдин түзгөн жеке-кландык бийлигинин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды.  Көрсө ал өзүнө ишенимдүү, өйдө карап каяша айтпай турган кишини Президент кылып шайлатып алуу менен мамлекеттеги эң жогорку бийлик болгон Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт номиналдуу гана функцияларды аткарып, анын айтканы менен болуп,   реалдуу бийлик Кой-Таштын башындагы  Хан-сарайга көчмөк экен, баардык маанилүү маселелер ошол жакта чечилип турмак экен...

Ошондуктан, урматтуу замандаштар, Атамбаев өз эрки менен бийликти өткөрүп берди деп көкөлөтүү, аны ыгы жок мактоо негизсиз.  

Анын ою боюнча 2017-жылдагы шайлоо менен бийликтин узурпациясы аягына чыкмак, өзүнүн логикалык точкасына жетмек, демократия аралчасы деп айтылып жүргөн Кыргыз Республикасында  бүгүн тээ илгерки Кокон Хандыгынын тартиптери, ошол замандын жол-жоболору кайра пайда болмок. Ошентип Атамбаевдин жеке-кландык бийлиги Кыргызстанда биротоло орномок. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш. Мына ушул себептен улам Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишинин жана анын жасаган аракеттеринин кесепеттерин иликтөө үчүн, аларга укуктук баа берүү максатында Жогорку Кеңеш тарабынан Атайын   мамлекеттик комиссия түзүлүш зарылчылыгы чыгып отурат, комиссиянын ишине депутаттардан сырткары коомдук ишмерлердин, укук коргоочулардын жана такшалган юристтердин катышуусу талап кылынат. 

Атайын Мамлекеттик Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен саясий репрессиялар, сөз эркиндигин кысымга алуу, сот түзүмүнүн реформасын бурмалоо,  кадр саясатындагы волюнтаристтик чечимдер боюнча, ошондой эле “Кумтөр”,”Жер үй” кен-байлыктары, энергетика тармагы, сырткы карыздарды алуу жана жолдорду куруу маселелери боюнча чындык ачыкка чыгып, Атамбаевке карата укуктук баа берилет деп ишенебиз. 

Биздин максат буга чейин болгон мыйзамсыз иштердин улануусуна, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруунун кайра жандануусуна жол бербөө, аларга шарт түзүп турган жагдайларды жоюу, коррупциянын тамырын кыркуу  жана келечекке ишенимдүү кароо...


Курултай ушул баяндаманын негизинде чечим кабыл алып, А.Атамбаевдин ишине баа берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңеш баш болгон бийлик бутактарына атайын кайрылуу жиберген. Тилекке каршы Курултайдын чечимине бийлик бутактары тарабынан өз учурунда негиздүү баа берилип иш каралбады.

2019- жылдын апрель айында экинчи курултай өттү. Экинчи курултайда деле 2018- жылдын 24- ноябрдагы Курултай тарабынан коюлган талаптарга бийлик бутактары жооп бериш керектиги көтөрүлдү.

Тилекке каршы 2018- жылдын 24- ноябрындагы өткөн курултайдын чечимдерине бийлик тарабынан өз учурунда көңүл бурулбагандыгы 7-8- августагы  Кой-Таш окуясынын чыгышына негиз болуп берди.

 Коомдук комиссия 2019- жылдын 7-жана 8- августундагы окуяны ар тараптуу изилдөө максатында  А.Атамбаевдин Президенттик кызматтан кеткенден кийинки жүргүзгөн саясий иш аракеттерин ар тараптан изилдөөгө аракеттенди.

     Учурда иштеп жаткан бийликтин коррупция менен болгон күрөштү күчөтүшү мамлекеттик өтө жогорку кызматта иштеген маселен мурунку өкмөт башчылар Ж.Сатыбалдиев, С.Исаков менен бирге эле бир катар министрлердин, жогорку кызматтагы жетекчилердин камалышына алып келди.


      Камалгандардын дээрлик бардыгы А.Атамбаев Президент болуп иштеген жылдарда жогорку кызматтарды ээлешкен жана анын ишенимдүү адамдарынан болушкан. Бишкек шаарынын ЖЭБин  ремонттон өткөзүүдөгү ишинде, мыйзамдагы ууру, атактуу кылмышкер, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотууда “акыркы жоопту” угуу сөз учугу А.Атамбаевге барып такалып турган. Ал түгүл А.Атамбаев өзү да “ Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча, анын ичинде ал обьектиде иштөөчү мекемелерди тандоого макулдук берүү жөнүндө бардык стратегиялык чечимдерди мамлекет башчы катары жеке өзүм кабыл алып тургам”-деген ММК берген маектери бар.   Ачыгын айтсак А.Атамбаев Президент болуп иштеген жылдарында мамлекетте кандай гана иш болбосун  өз кароосунан өткөзүп турганы коомчулукка деле  белгилүү болчу.

     Коррупция боюнча тергөө жүрүп жаткан бир катар иштерде анын ичинде А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу А.Атамбаев күбө катары да тергөөгө чакырылышы керек болгон зарылчылык улам күчөй баштаган. Мына ушундай жагдайды эске алуу менен Жогорку Кеңеш 2019- жылдын 13- июнунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти А.Атамбаевдин кылмыш иштерге карата тиешеси бар же жогу боюнча кортунду берүү үчүн атайын убактылуу комиссия түзгөн.

       Аталган комиссиянын жыйынтык корутундусуна жана да Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын демилгесине таянып Жогорку Кеңеш өз жыйынында А.Атамбаевди экс-Президент статусунан ажыратуу маселесин карап токтом кабыл алган. Ал токтом негизинен төмөнкү иштерге таянган. Кыскартып келтирели;

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө” 2019- жылдын 20- июнундагы №3138-V1токтому;

    -чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ок атуучу куралды мыйзамсыз берүү;

    - криминалдуу авторитет А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу;

    - Кой-Таш айылында участокту мыйзамсыз алуу;

    - мыйзамсыз баюу;

    - Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция;

    - Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз жеткирүүгө катышуу...

   Бул токтом жана убактылуу атайын комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна мурдагы Президент А.Ш. Атамбаевдин иш-аракетине ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде кылмыш белгилери боюнча корутунду берүү үчүн жиберилген.

Башкы прокуратура ЖКтин жана атайын комиссиянын корутундусун карап чыгып жогорку алты пункттун беш пункуту боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А.Ш. Атамбаевдин иш-аракетинде өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар деген корутунду чыгарган:

      Алар:

      - “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоодо, кол коюда жана ишке ашырууда коррупцияны уюштуруу;

     -  А.Ш.Атамбаевдин түздөн-түз контролунда,координациясында жана анын тапшырмасы менен А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу;

     -  Кой-Таш айылында анын үйү жайгашкан жер участогун мыйзамдарда белгиленген тартипти сактабастан алуу;

     -  бир катар жасалма (ойдон чыгарылган) бүтүмдөрдүн негизинде С.Пархатиден алган мыйзамсыз кирешени легалдаштыруу;

     - Бишкек шаарына көмүрдү мыйзамсыз жеткирүү.

    Ушул кортундунун негизинде Жогорку Кеңеш 2019- жылдын 27- июнунда А.Ш.Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу жөнүндө токтом кабыл алган.

      А.Атамбаев болсо аталган токтомду  тааныбай турганын өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин да тааныбасын, экс-президенттиктен ажыратуу мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынганын айтып ушул күндөн баштап   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына одоно каршы келген саясый  аракеттерин күчөткөн. Кой-Таштагы үйүнө ар кандай чөйрөдөгү адамдарды топтоп, күн сайын ал жерде түрлүү иш чараларды өткөзүп, мал сойдуруп оюн зоок уюштура баштаган.

  А. Атамбаев буга чейин эле көпчүлүк бийлик структуралары менен каршылашып алган. КСДПнын ЖКдеги фракциясы менен чон ажырым түзүлгөн. А.Атамбаевдин ар кандай интригаларды токтотпой жүргүзө бергендиктен бийликтегилер, мамлекеттик органдар жана коомдук ишмер, бизнесмендер менен пикир келишпестик абалга келип, өзүн өзү изоляциялап алган эле. Өлкөдө Атамбаевдин таасиринде бир гана өзүнө түздөн-түз баш ийген, анын тапшырмаларын кыйшаюсуз аткарган КСДП партиясын Саясий Кеңешинин толук эмес мүчөлөрү калган. Атамбаев учурдан пайдаланып, КСДП партиясынын Саясий Кенешине жана алар аркылуу анын таасиринде калган мүчөөлөрүнө жана өзүнүн тарапташтарына таянууну туура деп чечип, 2019- жылдын 19- июнунда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан кийин дароо ал КСДПнын   аймактардагы ячейкаларына кайрылып, ал жактан өлкөдөгү абалды талкуулоо үчүн өз делегаттарын жиберүүлөрүн өтүнгөн. Келген делегаттар 2019- жылдын 22- июнунда Кой-Таш айылындагы өзү жашаган үйүндө чогулуш өткөрүп, бийлик КР мыйзамдарына туура келбеген аракеттерге барып жатканын айтып, сынга алып, “Бүгүнкү бийлик мурда өзүнүн командасында иштегендердин баарына куугунтук жургузуп жатат”- деп билдирип, бийликтин мындай аракеттерине биргелешип каршы чыгууга үндөгөн. Жыйындан кийин, Атамбаев жана анын тарапташтары   активдүү аракеттерге өткөн. 2019- жылдын 22- июнунда, б.а. ошол эле күнү Кой- Таштагы өзү жашаган үйүндө  “А. Ш. Атамбаевди коргоо боюнча элдик штаб”  түзүп, 23 –июндан тартып белгилүү сандагы адамдар күн сайын анын үйүндө болуп, кезек күзөтүнө  турмайды баштаган.                                                                    

А. Атамбаев бул аракеттери менен ар кандай провокацияларды уюштуруу жолуна өткөнүн жана анын мындай күтүүсүз кадамдары өлкөнүн саясий туруктуулугун бузуп, кандай гана болбосун бийликти сүйлөшүүлөргө алып келүү, өзү жоопкерчиликтен оңой кутулууну көздөп жаткандыктан болгон.   

 Ал түгүл мамлекеттик бийликти ачык коркутууга өткөн. 2019- жылдын 3- июлундагы митингде сүйлөп жатып А.Атамбаев бүгүнкү бийлик узакка турбасын айтып өкмөт отставкага кетип парламенттин тарашын талап кылган. Ал өз сөзүндө “Ушул жерде деле мага канча курч балдар келип айтып жатат: “Байке биз барбайлыкпы тигил жакка, жетелеп барбайсызбы”-деп. Мен токтотуп жатам. Бирок бир күнү эл кетсе, эл деген сел да. Эмне болот аягы. Аягы жаман бүтүп мүмкүн Кыргызстан бөлүнүп кетет”- деп өлкөнүн бөлүнүшүнө багытталган сөздөр менен коркуткан. 

       Ал эми Ф.Бабиев аттуу А.Атамбаевдин активдүү талапкери “Аман” аттуу жигит менен болгон телефондук маегинде “...Короче деген Чүйдө жашап жаткан Оштуктарды талкалаш керек... Оштуктарды кеткиле Ошуңарга деп, Оштуктардын бизнесин өрттөш керек, өздөрүн сабап кысым кылыш керек... ошондо переворот болот!..”- деп бул иш аракети менен регионалдык конфликтти чыгарып Кыргызстанды экиге бөлүүнү көздөгөн.   Аларды болсо А.Атамбаев жетиштүү суммада каражат менен камсыз кылууга убада берген. “Атчан отряддар даяр турабыз...” деген көрсөтүүлөрү элдин эсинен дале чыга элек болсо керек. Бийликти мыйзамсыз жол менен басып алуу идеясы улам күчөп айтыла баштаган.

    Ал түгүл А.Атамбаев бир жолку эл менен жолугушууда “Кой-Таш демократиялык республикасын түзөбүз”- деп күпүлдөгөнү ММК чыккан.

Комиссия А.Атамбаевди ИИМ тергөөгө суракка алып келе албай убара болуп жаткан күндөрү А.Атамбаев “Мени Россиядагы досторум чакырып жатат. Ал жактан көп нерсе чечилет”-деп Россиянын Президенти В.В. Путин менен жолугушууга учуп барып келгени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эгемендүүлүгүн сыйлабагандыгын көрсөтүп Кыргыз мамлекетинин дүйнөлүк аброюна шек келтиргенин белгилейт.

     Ал учурда ИИМги  А.Батукаевдин иши боюнча тергөө жүргүзүп жатканы коомчулукка белгилүү эле. А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча А.Атамбаевди күбө катары чакырылаары коомчулукка белгилүү болгон. ИИМдин тергөө кызматына келип көрсөтмө берүүгө үч жолу чакыруу кагазы берилген. Биринчиси 2019- жылдын 9- июлунда, экинчиси 11- июлда, үчүнчүсү 19- июлда.А.Атамбаевге жиберилген чакыруу кагаздарынын жеткирилиши толугу менен ММКна, интернет сайттарга таратылып турган.

     Бирок А.Атамбаев жазык-процессуалдык мыйзамдарын тааныбай суракка келүүдөн баш тартып, эгер аны мажбурлап алып келүү аракеттери көрүлө турган болсо каршы курал колдоноорун дайыма кайталап айткан.

     ИИМ министирлигинин тергөө кызматы А.Атамбаевди жашаган жерине барып суракка алуу аракетин да көргөн. 2019- жылдын 22июлунда ИИМин министрдин орун басары М.Д. Каниметов баштаган тергөө тобу Кой-Ташка А.Атамбаевдин үйүнө барышкан. А.Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен биргеликте тергөө тобунун мүчөлөрүн үйгө киргизбей алардын кайра кетүүсүнө аргасыз кылышкан. А.Атамбаев тарабынан көрүлгөн мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелет. Мындай жагдайда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 58- жана 121 – беренелерине ылайык күнөөкөрдү мажбурлап алып келүү каралган.

         Күч органдары мыйзамдын талабына ылайык А.Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү аракетин ушул негизде башташкан.

  2019- жылдын 7- жана 8- августунда окуялар кандай өнүккөн.

ММКынан жана ар түрлүү булактардан. Жеке адамдар менен жолуккан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына таянсак 2019- жылдын 7- августунда УКМКнын ыкчам тобунан турган чакан отряд кечки саат 20 га чукул Кой-Таш айлындагы А.Атамбаев жашаган үйгө аны мажбурлап алып келүү максаты менен барышкан. А.Атамбаев болсо кезектеги кечки оюн шоогун өткөзүп жаткан мезгил болгон.

                УКМКнын атайын “Альфа”тобу эшикти ачып аларды киргизүүсүн сурагандан натыйжа чыкпагандыктан  алар бир тобу дубалдан ашып кирип, дарбазаны ачууга мажбур болушкан. Бирок алар секирип кирер менен А.Атамбаевдин тарапташтары таш менен уруп каршылык көргөзө башташкан. Ыкчам топ экиге бөлүнүп бир бөлүгү сырткы дарбазадан ичке сыртан келгендерди киргизбей тосуш үчүн калган. Экинчи топ болсо  А.Атамбаевди үйүнөн алып чыгууга кирген. Короодогулар алдын ала даярдалган таштар менен аларды ургулап киришкен. УКМКнын кызматкерлери резина октор менен атып каршылык көрсөтүшкөн. Үй ичине киргенде А.Атамбаев жан сакчылары менен биргеликте ок чыгаруучу куралдар менен аткылашып каршылык көрсөтүшкөн. А.Атамбаевдер тараптан атылган октон УКМКнын үч кызматкери жарадар болушуп бири У.Н.Ниязбеков октон алган оор жаракаттан  ооруканада көз жумган.

         Болжол менен операция башталгандан 20-30 минута өтпөй 250-300 чамасындагы ар кандай адамдар топтолуп алардын саны улам  көбөйүп УКМКнын кызматкерлерине саны боюнча кысым көрсөтүп эшикти тоскондорду кубалап айрымдарынын куралдарын тартып алышкан. А.Атамбаевдин үйүнүн ичине кирген 6 кызматкерди кармап барымтага алышкан. Барымтага алынган кызматкерлерди ур-токмоко алышып денелерине ар кандай жаракаттарды келтиришкен. Таш менен урууларга жана ар кандай каршылыктарга карабастан УКМКнын кызматкерлери элге карата ок атуучу куралдарды колдонушкан эмес.

        Маалымат булактарына чыккан фактыларга таянсак А.Атамбаевдин тарапташтары 14 даана АК-74 автоматын жана алардын 1680 даана огун, 18 помпалык куралды, 15 пистолетти жана алардын 435 патронун тартып алышкан.  

         Медициналык тез жардам келгенде УКМКнын барымтадагы кызматкерлеринин айрымдарын ооруканага алып кетүү керектиги айтылса да А.Атамбаевдин тарапташтары аларды бербей коюшкан.

     Ал эми А.Атамбаевдин үйүнө чейинки тосмолордон өтө албай турган ИИМ кызматкерлери менен сүйлөшүүгө   А.Кодуранова, Р.Жээнбеков, Алга Кылычов, жана дагы беш адам келип бийликке талаптарды коюшкан.  А.Кылычов УКМКнын жоокерлеринин сабалганын, кечирим сурап жалдырап жаткан жерлерин уюлдук телефонунан көрсөтүп провакациялык аракеттерди кылган.

        О.Опумбаев менен К.Асанов барымтадагы жоокерлерди бошотуп берүүлөрүн талап кылганда алар ар түрдүү шылтоолорду айтып , жада калса көрүп чыгууну суранганда “Биз силердин коопсуздугуңарга жооп бере албайбыз”- дешип киргизбей коюшкан. 

        Барымтада калган УКМКнын кызматкерлерин бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр өз майнабын берген эмес. Ошентип ар түрдүү талаптар айтыла баштаган. Маселен А.Атамбаев иштеп турган учурда Президенттин Аппаратын жетектеген Ф.Н.Ниазов “Кой-Таш айлынын аймагынан күч органдарынын кызматкерлерин алып кетүү... Интернет –байланышын үзгүлтүкө учуратпай берип туруу...” сыяктуу талаптарды кое баштаган.

             Ушул  күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан барымтада калган УКМКнын кызматкерлерин бошотууга Кой-Таш айлындагы тартип бузууларды тынчытууга жасаган аркеттеринен майнап чыккан эмес. Тескерисинче милиция кызматкерлери атайын коргонуучу жабдыктары жок даярдыксыз барганынын кесепетинен бир нечелеген кызматкерлер аларга карата ыргытылган таштардан жаракат алышкан. Ошол операцияда Чүй областынын ИИББнин жетекчиси С.А.Курманкулов ыргытылган таштан башына катуу жаракат алып, өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Москвадагы белгилүү дарыканаларда дарыланганына карабастан абалы бүгүнкү күнгө чейин калыбына келе элек.

Мындан аркысы так эле кинолордогу террористердин иш аракети сыяктуу уланган. Жаалданган топтор жолдорду тосуп, баррикадаларды орунотушкан.  Маселен Жогорку Кеңештин депутаты И.Ю.Карамушкина ошол кездеги окуя тууралуу билдирүүсүнө таянсак “Аябай жаалданган каардуу топтон барымтадагыларды сактап калышкан...” Эгер алар киришип аракеттенбегенде тигилер баарын өлтүрүп коюшмак экен.

       Бардык иштерге Жогорку Кеңештин депутаттары И.Ю. Карамушкина менен А.Кодуранова толук катышып аралаш жүрүшкөн. Алар мамлекеттик бийликтин жогорку бутагы болгон ЖК депутаттары катары мыйзамсыз иштерге жол бербей, УКМКнын кызматкерлерин барымтага алдырбай каршы турбастан, ал жердегилерди мыйзам бузбоого чакырбастан, тескерисинче чогуу жүрүшкөн.


Ысык – Көлдө кыска убакытка эс алууда жүргөн Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Ш. Жээнбеков эс алуусун токтотуп Бишкеке келип 2019- жылдын 8- августунда эртең менен Коопсуздук кеңештин шашылыш жыйынын өткөзгөн. Ошол эле күнү Жогорку Кеңеш Президент С.Ш. Жээнбековдун катышуусу менен кезексиз жыйынын өткөзүп түзүлгөн кырдаалды талкуулап тиешелүү күч органдары токтоосуз чара көрүш үчүн бир катар тапшырмаларды беришкен.


Ушул жерде белгилей  кетчү  нерсе   УКМКнын  төрагасы О.Опумбаев Кабар агенттигинде берген пресс конференцияда билдирген маалыматына таянсак  УКМКда   негизинен  А. Атамбаевди  мажбурлап   алып келүү иш аракети боюнча беш варианты болгонун, ал варианттарды Президен С.Ш. Жээнбеков менен маакулдашып, ошол   беш  варианттын  бир вариантына токтолушканын,  Президент операцияны мыйзам чегинде кан төгүүсүз жүргүзүүнү талап кылганын айткан. (кабар агенттиги 13.08.2019)

 О. Опумбаевдин бул маалыматты тараткандыгын айрым эксперттер мамлекеттик сырды сыртка чыгарып, Президенттин аброюна шек келтиргенин     белгилешти.  

Ошол эле учурда   Президенттин пресс кызматы О.Опумбаевдин жогорку билдирүүсүнөн кийин, “О.Опумбаев жалган маалымат берген. Президент менен О.Опумбаевдин ортосунда А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү  планы боюнча эч кандай  макулдашуу болгон эмес”- деген билдирүү тараткан.  Демек О.Опумбаев менен Президенттин пресс кызматынын билдирүүлөрү эки башка, муну убакыт тастыктап өз баасын берет деп ишенебиз.


Ошентип 8-август  саат   12-00 ИИМдин министринин кабинетинде жыйын өткөн. Жыйынга  УКМКнын төрагасы О.Опумбаев, анын орун басары М.Тургунбеков,  жана ИИМдин министри  К.Жунушалиев орун басарлары менен катышкан.  Ал жыйында Саат 16-00 го А.Атамбаевдин тарапташтары “Медиа Форумга чогулганын күтпөй    А.Атамбаевдин үйүнө  барып, кирип ошол жерден А.Атамбаевди  кармаганга шарт түзүшүбүз керек деген  план коюлган.  

 Ал планда ИИМ тарабынан жолдор  тазаланып   А.Атамбаевдин   үйүн курчоого алып, ал эми ГКНБ тарабынан  “Калкан” жоокерлерин алып барганга макулдашылат.

Ошол эле учурда окуя болуп жаткан аралыгынан бир суткага чукул убакыт  өтсө да башка эч кандай кошумча иш пландар иштелип чыкан эмес (карталар, чийимдер, ким кайсы сапта болот ж.б. у.с)  Бул фактыны Кой –Ташка барганда бизге министр колу менен жерге чиймелеп түшүндүрүп жатты деген Аскат Султаналиевдин мамлекттик комиссияга берген   маалыматынан түшүнсө болот. 

       Ал ортодо А. Атамбаев да өз аракеттерин  күчөтүп, өз тарапташтарын саат 16-00 го  “Медиа Форумдун” имаратына чогулууга ар кандай ММКлар аркылуу үндөгөн. Ал эми Усөн Ниязбековго “балким мен аткан октор рикощет болуп тийиши мүмкүн” деген, сөздөрдү айтып, өзү болсо Кой-Таштан өтө көп тарапташтары менен түшүп бараарын, ал түгүл атчандар да коштоорун билдирип,  керек болсо Ак үйгө чейин бараарын айткан.

        Коомчулукта болсо А.Атамбаевдин иш аракетин кескин сындаган пикирлер басымдуулук кылып кеткен. Буга УКМКнын бир кызматкеринин өлүмү, 6 кызматкердин барымтага алынышы себеп болгон.

        УКМКнын кызматкерлеринин бири ок атуучу курал менен атылып өлтүрүлүп, алтоосу барымтага алынганга чейин саясатчы болчу. Адам өлүмү коштогон  6 жоокерди барымтага алуу А.Атамбаевди кылмышкерге айландырды. А.Атамбаевдин ага чейинки мыйзам бузууларын коомчулук билип турса да саясый тирешүү катары баалап коомдогу пикирлер ар түрлүү эле. 

        Күч органдарынын кызматкерлерин эмес катардагы карапайым адамдарды барымтага алуу да террористик аракетке кирээрин ким болбосун жакшы түшүнөт. Ошондуктан коомдук пикир 8- августа дээрлик басымдуу көпчүлүк менен А.Атамбаевди айыптап чыкты.Коомдук пикирдин кескин өзгөрүшүнүн таасири тийип, 8- августа “Медиа Форумга” А.Атамбаев күткөндөй   5 миң 10 миңдеген адамдар чогулушкан жок. 250-300 дүн тегерегиндеги чогулган эл менен бирге  ЖК депутаттары И.Ю Карамушкина менен А.Кодурановалар А.Атамбаевди күтүп алар келбеген соң Кой-Таш айылына жөө жөнөшкөндө күч органдары тарабынан кубалап таратылган.


       Ушул жерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен келген каттагы фактыларды кыскача келтире кетмекчибиз.

       ...ИИМдин ооруканаларына ар кандай жараттар менен 217 адам келип түшкөн, булардын 146 сына баштапкы медициналык жардам көрсөтүлүп,амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. 12сине стационардык дарылоо болгон.

       Жабыркаган жоокерлердин саны 123;

       Жөнөкөй жарандар -94

       - баш мээнин жабык жараты, баш мээнин чайкалышы менен 51 адам,

       - резина октон жаракат алгандар – 32

       - ок тийип жаракат алгандар – 16

       - ар кандай жаракат алгандар – 88

       - денесинин ар кайсы бөлүктөрүнөн жаракат алгандар – 24

Өзүңүздөр байкагандай Кой-Таштагы 7- жана 8- августтагы кырдаалда катардагы жарандарга караганда күч органдарынын кызматкерлери көбүрөөк жабыркап жаракат алышкан.

        Коомдук комиссия катардагы жараандар менен бирге эле күч органдарынын кызматкерлери да биздин мамлекеттин жараандары экенин эстен чыгарууга акыбыз жок. Эгер мыйзам талаасында туруп, салмактай келсек, күч органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткарууга барышты. Ал эми карапайым жараандар А.Атамбаевди ээрчип анын айткандарын аткарып, коргойбуз деп барышты. Жыйынтык чыгарууда эки тараптын укуктук абалын сөзсүз эске алууга аргасызбыз. Таш бараңга алынып өзү менен кошо иштеген катарлаш кызматкерлер жабыркап атканын көрүп турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин абалын ойлоонун өзү оор.


ИИМдин министри К. Жунушалиевдин ММКга берген маалыматтарына таянсак ал 8- августа А.Атамбаев менен эки жолу өз эрки менен мыйзамга баш ийип берүүсү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. 

Экинчи сүйлөшүүдө   А.Атамбаевдин суранычы боюнча   К.Жунушалиев тарабынан дагы  убакыт берилип, А.Орозалиев менен үй ичиндеги колдонулган газдын таасиринен  сыртка таза абага чыгышкан да К.Жунушалиев  ары басып кетишкен.  

Ошол маалда, К. Асанов акыркы ирет А.Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылып көрүүнү туура таап, үйгө кирип, ал аракети жыйынтык берип эки тарап сүйлөшүүлөргө келген. К. Асановдун айтымына караганда ПСН (Атайын түзүмдүн полку) ошол жерде турган  командирине өзүнүн мобилдик телефонун берип, ал аракеттерин видеого үч мөнөттөй тарттырган.   Ошол эле учурда  Калкандын  командиринин   орун басары да сүйлөшүү чектен чыгып кетпеш үчүн А.Атамбаевдин  жан сакчысы    менен сүйлөшүү  жүргүзүп,  процессти конторлдоп  турганга жардам кылган. А.Атамбаев маакул болгондон кийин гана К.Асанов “Машинаны алып келгиле”- деп команда бергенин угушуп, рация аркылуу  “А.Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүү  ийгиликтүү аткарылды”- дегенди уккан  К.Жунушалиев жолдон кайра кайрылып, кайтып келген. 

К.Жунушалиев жана А.Орозалиев  үйдүн   ичине киришип  К.Жунушалиев К.Асановго жаңсап,”Эмне болду”- дегенде К.Асанов  “Бир аз убакыт бериңиз Атамбаев өз ыктыяры менен чыгат”- деп жооп бергенден   кийин   К.Жунушалиев жана А. Орозалиевдер экинчи кабатта дагы 20-30 мөнөттөй күтүшкөн. Бул аракеттердин натыйжасында К.Асанов, А.Атамбаевди өз эрки менен эч кандай  каршылыксыз сүйлөшүү жолу менен көндүрүп ,коштоп алып чыккан.

Коомдук комиссия ИИМдин министри К.Жунушалиевден маалымат алуу максатында кат менен кайрылганыбызда “Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу жооп бере албайбыз” –деп жооп берген жок.

К.Асанов коомдук комиссиянын мүчөөлөру менен болгон жолугушууда Министр үйдүн сырт  жагын кайтаруу  тапшырмасын бербегендигин, деги эле А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча атайын план иштелип чыгып, тиешелүү адамдарга ташырма берилбегендигин,  баары иштин жүрүшү менен эле жагдайга жараша уланганын, ошондуктан өз демилгеси менен А.Атамбаев менен сүйлөшүү жүгүзүп жыйынтыгында А.Атамбаевди каршылыксыз мыйзамга баш ийип берүүгө көндүргөндүгүн, анын аракетинин аркасы менен эч кандай кагылышуулар жана адам өмүрүнө коркунуч келгидей жагдайлар түзүлбөгөнүн, чырдуу пакет болсо ИИМ имаратына чейин келип ал жерден К.Жолдубаевага берилгенин, анын андан ары эмне болгонуна кызыкпаганын,  ал эми куралдарды  алар   киргиче  эле бир катар кылып тизип коюшканын, куралдарды санап, октолгонбу же жокпу деген ойдо текшергенин, снайпердик куралды болсо коопсуздук маселесин эске алуу менен окторун чыгарып койгонун, ага коюлуп жаткан айыптар боюнча, “Манжаларынын тактарын далил  буюм катары алууну жок кылуу менен тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты”- деген шылтоолору такыр чындыкка жакындабашын, анын себеби катары ПСН дин жетекчиси Султаналиев Кой- Таш окуялары боюнча мамлекеттик комиссияга берген маалыматка токтолду.  Ал маалыматта   Султаналиев      кайра Атамбаевдин   үйүнө барып   ошол жерде  кароосуз жаткан куралдарды  анын  ичинде   снайпердик куралды да  бизде иштеген кызматкерлерге  “Куралдарды жыйнап казармага алып баргыла”- деп буйрук бергенмин”  деп айтканын мисал келтирди.  К.Асанов ал куралдарды жазык процесуалдык нормалар боюнча алынбаганын айтып ага коюлуп жаткан айыптар такыр чындыкка жакын келбешин белгиледи. 

Бул жерде ИИМдин министри  К.Жунушалиевдин, анын орун басары А.Орозалиевдин, тергөө кызматынын жетекчиси П.Асановдун өз иштерине шалаакы мамиле жасаган- деп бааласа болот.  

        Кечки саат 21 чамасында  УКМКнын алдына ЖКтин депутаттары   И.Ю.Карамушкина, А.С. Кодуранова саясатчы Р.Б.Жээнбеков, адвокат С.Слесарев баш болгон 30 дай А.Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, ал жерде Р.Жээнбеков; “Беш минден ашык адам шаар ичинде команда эле күтүп турганын. Эгер алар команда берсе Ак үйгө барышаарын” айтып провакациялык чакырык менен А.Атамбаевди бошотууну талап кылышкан. Ошол мезгилде чын эле Ала-Тоо аянтына ар түрлүү жаштагы көпчүлүгү жаштардан турган миңге чукул адам чогулуп алар күч органдарынын аракети менен кубалап таратылган.

       Ошентип чуулгандуу 8- августтагы күн да өтүп ММК тарабынан Бишкек жана Бишкектин айланасындагы айылдар тынч экени, топтошкондор жана коомдук тартипти бузгандар жок экени кайта-кайта көрсөтүлүп жатты.

       А.Атамбаев УКМКнын абагына камалды, бирок ал түзүп кеткен “Августтагы Кой-Таш синдромунун “ айланасындагы түрлүү пикирлер токтогон жок. Өзгөчө бул окуяда баягы эле карапайым эл жабыр тартканы тууралуу, айрым ММК күч органдары өз укуктарынан ашыкча пайдаланып жиберишкени тууралуу да жазып жатышты.



Жыйынтык:

Коомдук Комиссия Кыргызстанда  2019 –жылдын 7-8 июнунда Кой-Таш айылында УКМК жана ИММ тарабынанан жүргүзүлгөн Атамбаевди мажбурлап алып келүү аракеттерин жана ага байланыштуу саясий жана коомдук процесстерди изилдеп жана анализдеп чыгып,  төмөндөгүдөй жыйынтыкка келди:

  1. Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден  кийин да кайрадан чоң саясатта кала берүүнү чечип, бардык күчүн жана мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Прездиенттик кызматын өткөрүп бергенден кийин  КСДП партиясынын төрагасы болуп кайра шайланган.. Ал КСДП партиясынын Саясий Кеңеши аркылуу партияны жана  ЖКтеги КСДП фракциясын өз көзөмөлүнө алууга аракет кылган. Ал КСДП фракциясын пайдаланып өлкөдөгү Саясий процесстерге, бийликке таасир берип турууга аракеттенген. Ушундай аракети менен “көшөгө артында туруп” бийлик жүргүзүүнү алдын ала максат кылып пландаганын ачыкка чыгарган.  С.Ш Жээнбеков  ЖЭБти (ТЕЦ)   модернизациялаштырууда коррупциялык схемалар ачыкталгандан кийин ААтамбаевдин кеңешин уга берүүдөн   баш тартып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын туура келген мыйзам жолуна өткөн. А.Атамбаев  жогорудагы тилектери ишке ашпай  калгандан баштап, учурдагы бийликке ар кандай жолдор менен тоскоол болуу иштерин баштаган.   Айрым козголгон кылмыш иштери боюнча күбө катары  көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.   
  2. С.Ш.Жээнбеков КР Президентинин укугуна тийиштүү кызматын мыйзамдык жол менен аткара башташы, А. Атамбаевдин өз кыялында түзгөн саясий максатын жокко чыгарган. ЖК,Өкмөт, мамлекеттик структуралар Атамбаевди мурдагыдай колдоодон баш тарткан. Атамбаевдин аларды өз контролуна алам деген аракеттери тескерисинче аны менен мамлекеттик органдардын ортосунда карама-каршылыкты пайда кылган. Өзгөчө  А.Атамбаев менен Жогорку Кенештеги КСДП фракциясы  ортосундагы карама-каршылык  күчөгөн –бул акыры барып аны менен ЖКтин ортосундагы карама-каршылыкты жараткан.
  3. А.Атамбаев өзүнүн мурдагы кадры, баажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимов менен да каршылашып, аны өлкөдөгү коррупциянын символуна айландырып, аны менен катуу тирешти уюштурган. Ушул жол менен бийликтин коррупция менен күрөшүү аракетин жокко чыгарып бурмалаганга аракеттенген. Коомчулукка  Р. Матрамиов жана кытайлык уйгур бизнесмени, Ташкенттеги Абусахи базарынын кожоюну Хабибулла Абдыкадыр менен С. Жээнбековду  байланыштары бар деген ишеним жаратууга аракеттенген билдирүүлөрдү байма-бай таратып, өзүн чыныгы коррупция менен күрөшүп жаткан саясатчы катары көрсөтүүгө далалаттанган.   А. Атамбаевдин мынчалык жандалбастап жатканынын себеби анын кытайлык бизнес өнөктөшү С. Пархати колго тушуп камалып, сурак бергенден кийин гана белгилүү болду. Ал гана эмес, С. Пархатинин камалышы менен А.Атамбаевдин эмне үчүн тергөөгө келип сурак бергиси келбей жатканынын бирден бир себеби да ачыкталды. Көрсө А. Атамбаев тергөөгө  суракка барса, ал өзү  Президент кезиндеги КР мыйзамдарын одоно бузуп, мүлкүн жашырып, мыйзамсыз бизнес аракеттерге барган ар түрдүү мыйзамдарды одоно бузган  иштери ачыкталып калат деп чоочуркап жаткан экен. Комиссия иш алып барып жатканда КТРдан А.Атамбаевдин мүлкү тууралуу атайы берүү жарыяланды. Анда Атамбаевдин Форумун сатып алган деген кытайлык уйгур жигити С. Пархати укук коргоо органдарына кармалып көрсөтмө бергени айтылган. Көрсөтмөгө карасак  ал А.Атамбаевдин бир дагы мүлкүн сатып алган эмес.  А.Атамбаев  өзү анын атасы менен макулдашып ага  жаздырып койгон. С. Пархати атасынын айтуусу боюнча макул болуп, тийиштүү документтерге кол коюп берген. С. Пархатиге “Форум” ишканасынын негизги имараты, Атамбаев Бишкекке курган мечиттин жер участогу, Ысык-Көлдүн жээгиндеги курулушу бүтө элек пансионаттын жер участогу жана кен иштетүүчү “Хуасин” компаниясынын 50 процент акциясы жазылганы аныкталган. Ал гана эмес, 2015-жылы С. Пархатинин “Хуасин” компаниясы кытайлык уйгур бизнесмени Хабибулла Абдыкадыр, Кудрат Нармат жана Касым Курбановдун  АКА minerals and Maining компаниясы  (Мюнхен, Германияда каталган) жана «Бизнес нур» компаниялары  баасы жен ичинен коррупциялык жол менен бычылган   Чаткалдагы сурьма кени боюнча аукционго   катышып, аны утуп алышканы белгилүү болгон.
  4. А.Атамбаев  укук коргоо органдары алып кете алгыс кылып үйүнө бекинип, өзү топтогон тарапташтарынан турган элден “тирүү калканч” (щит)түзгөн. Максаты, мажбурлап алып кетүү учурунда,   укук коргоо органдары эл менен кагылышууга кабылып, чатак ырбап, өлкөдөгү стабилдүүлүк бузулуп, баш аламандык башталышын көздөгөн.

Мындай саясий абалда мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп чын дилинен аракет кылса бир гана КСДП партиясынын Саясий Кенеши А.Атамбаев менен сүйлөшүп туура чечим чыгара алмак. Ошол учурда Саясий Кенеш жана анын эң жакын деп эсептелген кадрлары Атамбаевге таасир берүүчү жападан жалгыз структура жана топ болчу. Эгер алар туура иш жүргүзсө  А.Атамбаевди мынчалык  жаңылдырбай токтотуп калууга мүмкүн болчу. Бирок алар байкоочу болуп, тескерисинче, Атамбаевдин ар бир аракеттерин колдоп эч чара көрүшкөн жок.

ИИМ тарабынан берген чакыруу барактарын бийлик мыйзам талаасынан чыгып кетти деген жүйөлөр менен анын жактоочулары    Сергей Слесарев, Нурбек Касымбеков,    ЖК депутаты  Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова,  Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Карамат Орозовалар “Бийликтин бул аракеттери укуктук  күчкө ээ эмес”- деп А.Атамбаевге жана анын тарапташтарына дем берип турушкан. Атамбаевди колдогон анын кадрлары, айрым мамлекеттик чиновниктер тымызын колдоп, финансылык жардамдарды берип, союшуна мал жеткирип турушкан.

  Мындай колдоолор  А.Атамбаевдин чырагына май тамызып, анын ого бетер күчөп аракеттенишине түрткөн.  А.Атамбаев өзү бийликте турганда командасында болгон  камактагы саясатчыларды жабырлануучу жана куугунтукка кабылып жаткан саясатчылар катары көрсөтүп эч уялбастан эле карапайым элдин сезимдерине ойноп, айрымдарын тууганчылыкка чакырып, башкаларын жердеш деп  ар кандай жолдор жана ыкмалар менен карапайым элди өзүнө    “тирүү калкан (щит)” кылып пайдаланган.   Аларды өзү билип туруп мыйзамды бузган иштерге түрткөн.  Азыркы күнгө чейин ошол убакта А.Атамбаевди колдоп турган элдин арасында трайбалистик маанай уланууда. Демек кайсыл бир денгээлде А.Атамбаев жогоруда айтылгандай элдин ой пикирин мыйзам жолунан чыгарып бузууга  жетишкен.

  1. Жогорку Кенеш 2019-жылдын июнь айында Атамбаевдин экс-президент макамын алып салгандан кийин, саясий процесстерди контролго алуу, функциясын жоготуп койгон. ММКлар ошондон кийин ЖКнын депутаттарынын көпчүлүгү премия алып,  өлкөдөн сыртка чыгып кеткендигин ачык жазып чыгышты. ЖКнын депутаттары 8 август күнү гана сессияга чогулушуп, 7 августтагы окуяларга арналган заседанияны өткөрүп, өкмөттү, укук коргоо органдарын угумуш эткен. ЖК депутаттары 7 август күнү Кой-Ташта, Арашанда абал кандай болгонун, жараандардын  мыйзамсыз сабалгандары тууралуу үн-сөз кылбаганына коомчулук нааразы болду. Ошол күндөрү интернет аркылуу Кой-Ташта  өз короосунда же үйүнө жакынкы жерде аялдардардын, жөнөкөй жараандардын сабалгандыгы тууралуу видеолор интернет, фейсбук,  сайттар аркылуу дуйнөгө таркап кеткен эле.

       6.  Комиссия Кой-Таш окуяларын иликтеп жатып, Кой-Таш жана Арашан айылдарынынын тургундары менен да атайы жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууга келген граждандардын көпчүлүгү 7-8- августа күч органдары тарабынан аесуз сабалгандарын айтып, арызданышты. Алар бул тууралуу мамлекеттик комиссия менен жолугушуулар болгондо да айтып бергендериин билдиришти. 7-августта Кой-Ташта күч органдарынын кызматкерлери тарабынан жабыркап, сабалгандыгын билдиришкен, интернет, фейсбук жана башка электрондук ММКлар аркылуу таратылган   видеолорун Коомдук комиссияга беришти.

7. Премьер-министр Абылгазиев 7-8- августагы Кой -Таш окуялары боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн.     Комиссия бир айдан көп убакыт бул окуяларды иликтеп чыгып, анын корутундусу ЖКнын отурумунда талкууга алынды. ЖК комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда депутаттар мамлекеттик комиссиянын докладын угууда  “Интернет аркылуу 7-8- август күнү күч органдары тарабынан карапайым жараандар, аялдар сабалган видеолор дүйнөгө таралып жатса  эмне үчүн бул фактылар мамлекеттик комиссия тарабынан изилдеген эмес?”- деп сурап койгонго жарашкан жок дешип ЖК депутаттарына болгон нааразычылыктарын билдиришти.

    8.  Комиссия өз иликтөөсүндө 7-8- август күнү Кой-Таш айылын тегерене учкан тик учак боюнча да иликтөөлөрдү жүргүздү. Комиссия бул тик учак мамлекеттикиби же жеке компанияга таандыкпы  аныктоого аракеттенди. Коргоо министрлигине, ӨКМ ге  кат жолдоду. Бирок, бул мамлекеттик мекемелерден “бизге таандык” деген жооп ала алган жокпуз. Ошондон улам комиссия бул тик учак боюнча эч кандай так далилдерди таба алган жок.  

     Комиссиянын иликтөө иштери боюнча бир катар министрликтерге суроо-талаптар менен каттарды жөнөттүк. Бирок, жиберген каттарыбыз боюнча биз сураган суроолорго айрым министирликтерден толук жооп болгон жок. Маселен УКМК менен ИИМ “Учурда аталган иш боюнча тергөө иштер жүрүп жатканына байланыштуу сиздер койгон суроолорго жооп бере албайбыз”- деп жооп беришти.

9.   А. Атамбаев өз үйүндө 22-июндан, элдик штаб түзгөндөн баштап  УКМК жасаган жыйынтыксыз операциянын аралыгында  бир жарым ай убакыт өткөн.  Ал ортодо А.Атамбаев өзү да “Мен жөн колго түшүп бербейм. Керек болсо атышам”- деп бир эмес бир нече жолу билдирүү жасаган.  Демек УКМКбы, ИИМби, А.Атамбаевди тергөөгө мажбрлап алып келүү үчүн тыкан план даярдоолору керектигин алдына ала билишине толук шарт-кырдаал болгон. Үйдүн сырты, ичи, бөлмөлөрүнөн бери так көрсөтүлүп, керек болсо кайсыл жерлерге таштар түшүрүлдү, кайсыл бөлмөдө же терезеде ичине кум толтурулган каптар бар экенинен бери билишип, ар бир метирге чейин ченеп план  түзүлүшүп, алып кетүү убактысы да туура тандалышы керек болчу Тилекке каршы андай план түзүү ойлонулбаганы жүргүзүлгөн операциядан белгилүү болду.

  10. Комиссия негизинен КР Конституциясынын талаптарына ылайык Атамбаевди мажбуурлап алып келүү операциясы ИИМ тарабынан өткөрүлүп, ал Премьер-министр, Вице-премьер-министр, ИИМ министринин көзөмөлүндө ишке ашырылса туура болмок деп эсептейт. Ошондуктан  ИИМ УКМКнын экипировкасы мыкты деген шылтоо менен, бул ишти коопсуздук кызматына өткөрүп берип койгонун өкмөттүн жоопкерчиликтен качканы деп баалайт.   Буга кошумча, А.Атамбаевди тергөөгө мажбуурлап алып келүү боюнча жашыруун операция уюштурулганы жатканда   жана  7-августа өлкөдөгү  саясий абал кескин өзгөрүп, курчуп кетүү коркунучу бар учурда  күч түзүмдөрүнүн  жетекчилери УКМКнын жетекчиси О.Опумбаевдин Бишкекте болбогону, ИИМ министри К.Жунушаливдин да командировкада болушу, булардын жоопкерчиликтен качууга болгон далалаты деп эсептейт. Бул жетекчилер өздөрүнүн жоопкерсиз аракетери менен А.Атамбаевге жана анын тарапташтарына бийликти басып алууга оңой шарт түзүп берүүгө, өлөкөдө баш аламандыктын ороношуна, жыйынтыгында Кой-Таш жана Арашан айылдарында карапайым граждандардын сабалышына түздөн-түз шарт түзгөндүк менен барабар. Булардын аракеттерине мыйзам чегинде баа берилиши  зарыл. Мындай абалда Премьер-министр Абылгазиев К. Жунушалиевди Нарынга командировкага же башка жакка чыгып кетүүсүнө  тыю салышы керек болчу. Жогоруда аталган абал 7-августта Атамбаевди тергөгө  мажбуурлап алып келүү операциясы жүрүп жаткан учурда эки ведомствонун ортосунда толук кандуу байланыш, бирин-бири колдоо бир багытта аракеттенүү туура уюштурулбаган.

    Комиссия О.Опумбаевдин “Кабар” агенттигине А.Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү боюнча операциясынын беш варианты   иштелип чыккандыгы тууралуу маалыматы   бул  Мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып, Президенттин аброюна шек келтирүү катары баалайт.     Демек  А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү планы кандайдыр бир деңгээлде  болгону менен ал өтө чала, сабатсыз иштелип чыккан.

     11.  УКМК менен ИИМдин ортосунда биргелешип иштелип чыккан иш аракеттер чала же жакшы болбогондуктан операцияны аткарууда кечирилгис мүчүлүштүктөр болуп, жыйынтыгында Үсөн Ниязбеков каза таап, алты жоокер барымтага алынып, бир тобу куралдарын алдырып, атайын коюлган плансыз тапшырма аткарылмак турсун Кыргызстандын күч органдарынын алсыздыгын көрсөттү. Аталган окуядан кийин карапайым элдерди куугунтукка алуу коомдо бийликке болон  каршылашууну бүгүнкү күнгө чейин күчөтүүдө.

       Эгерде   А.Атамбаев жана анын тарапташтары ошол эле 7- август түнү  бийликти күч менен басып алууга аракеттерди жасашканда, анда аларда чоң мүмкүнчүлүктөр жаралганын  коомдук комиссия менен болгон жолугушууда эксперттер белгилешти.    

12. Комиссия  иликтөөсүндө 7-августка  А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясы башталаар алдында ИИМдеги абалды да иликтеп көрдү.  Себеби, 7-авгутска карата  министрликтин жетекчилиги жана министрлик жашыруун операцияга дайын болгон эмес дегенге бир топ аргументтер пайда болду. 7- авгутска карата  министрликтин жетекчилиги өз кызмат орундарында жок болгон. К. Жунушалиев жана анын орун басары  М. Каниметов Солтон –Сарыдагы окуя боюнча Нарында болушкан, министрдин биринчи орун басары С. Омурзаков эс алууда болгон, ал эми дагы бир орун басары А.Орозалиев Балыкчы шаарында ОДКБ нын иш чараларына катышып жүргөн. 7-август министрликте реформалар боюнча жооптуу министрдин орун басары К. Асанов болгон, ал эми А. Орозалиев түнкү саат 22 лер чамасында Кой-Таш айылынын башында турган ИИМдин өздүк курамына элүүдой экипировкачан кызматкерлер менен  келип кошулган.. 

    Жашыруун операция жүргүзүүлөрү алдында аны  жалгыз жана так билген министр К. Жунушалиев министрликти таштап сыртка командировкага кетип, анын орун басарлары да иш орундарында болбой калганы бул жетекчинин жоопкерчиликтен качкандыгын айгинелейт. Бул УКМКнын операцяны жүргүзүүчү тобу Кой-Ташты карай жылганда ИИМ толук дайын болгон эмес экендигинен  ошол күнкү Кой-Таштагы абалга так  баа берилбегендигинен кабар берет. Ошондуктан, ИИМдин курамы Кой-Ташка атайы экипировкасыз алынып барылган. 

Операция саат 19дар чамасында башталса, министр К. Жунушалиев болжол менен саат  20-00 дө   ИИМ нин орун басары К.Асановго Чүй жана Бишкек, ГУГССО(ички аскер), ПСН(Атайын түзүмдүн полку) өздүк  курамын “АЙГАЙ”  тревогасы менен көтөрүп  Кой-Таш айылына баруу тууралуу буйрук берет. Кийин Бишкек ГУВДнын жетекчисинин айтымында ушундай эле буйрукту  ИИМнин дагы бир орун басары А. Орозалиев да алган. 

     УКМКнын чакан топбу ИИМ тарабынан колдоосу жок болсо да өз алдынча аракет кылып, операция үзгүлтүккө учурап калганда, көпчүлүгү кооптуу жерди таштап кетишке аргасыз болгон. Ал эми алардын артында барымтада калган 6 жоокер элге курал колдонуудан баш тартып, А.Атамбаевдин тарапташтарынын тепсендисинде калышса да, ур-токмоко чыдап, өлкөдөгү туруктуулуктун сакталышына себеп болуп беришти. Эгер алардын ичинен кайсыл бири  ур токмоко чыдабай өзүн айоосуз тепкилеп жаткандарга каршы курал колдонуп ок чыгарса бүгүн абал таптакыр башкача болмок.

   13.    Комиссия ошол эле 7-8- августа башталган  өлкөдөгү абал бүгүнкү күнгө чейин  толук турукташып бүтө электигин эскертет. Өлкөдө али да болсо  провокациялык көрүнүштөр орун алып келет. Өзгөчө чек ара чатактары, Матраимовдун үй- бүлөө мүчөлөрүн сындаган журналисттер, граждандык сектордун активдүү мүчөлөрү сабалып жатканы, терең изилденип чыгууга муктаж. Булардын бардыгы саясий жана провокациялык негизде болуп жатышы мүмкүн. Генералдык прокуратура, УМКК  чек арадагы чатактардын, журналисттерди сабоолордун артында кимдер турат? Эмне үчүн жалаң гана Матраимовдорду сындаган журналисттер сабалып жатат? Бул маселелер контролго алынышы керек.

Коомдук комиссия 2019- жылдын 7-8- августундагы Кой-Таш айлында болгон окуяга жана андан кийинки өлкөдө жаралган саясий кырдаалга баа берүү менен КР Президенти С.Ш.Жээнбековго, КР Жогорку Кеңешине, КР Өкүмөтүнө, КР Генералдык прокуратурасына төмөндөгүдөй сунуш талаптарды коет;

1.  2019- жылдагы болуп өткөн саясий окуялар, экономикалык абал,  ошого катар эле 2020- жылдын күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого  даярдык көрүүнү баштаган ар кандай саясий күчтөрдүн шайлоочуларды өздөрүнө тартуу максатында түрлүү жолдорду колдоно баштаганынын таасири  улам барган сайын өлкөдөгү  саясий өңүттөгү абалдын туруксуздашып, коомдун тынчтыгы бузулушуна өбөлгө түзө баштаганын ачык белгилемекчибиз.


 2. КР Генералдык прокуратурасынан; А.Атамбаевдин жана анын тегерегиндегилердин 7-8- августтагы окуялардын чыгышына жана коомдогу тынчтыктын бузулушуна, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн бекемдигине шек келтирүүсүнө, мамлекеттик мыйзамдардын одоно бузулушуна, анын тегерегине топтошкондордун ар кандай анархиялык аракеттерге барууларына, бийликти күч менен тартып алуу аракеттерин көрүшкөнүнө, элдин ынтымак биримдигин бузууга карата жасаган иш аракеттерине мыйзам чегинде так, ачык баа бериши керектигин талап кылабыз.

  3. КР Генералдык прокуратуурасынан; А.Атамбаевдин экс-Пезиденттик макамы алынгандан кийин анын жүргүзгөн саясий аракеттерин колдоп, ар кандай финансылык жардамдарды көрсөткөн (Маселен, мал алып келип союп берип ж.б.) ошол кезде иштеп турган жана мурда ар кандай мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген мамлекеттик чиновниктердин иш аракеттерине укуктук баа беришин талап кылабыз.

  4.   А. Атамбаев жана аны курчаган топтун УКМКнын жоокерлерине каршы ок атуучу куралдардан ок чыгарып, натыйжада бир жоокердин каза болушу, күч колдонуу менен жоокерлерди бир суткага чукул убакыт барымтага кармашы, бийликке ар кандай талаптарды коюшу террористтер жасагандай иш аракеттерге баруулары бүгүн КР Генералдык прокуратурасы тарабынан мыйзам чегинде кандай  баа берилди? Коомчулукка так, ачык айтылышын талап кылабыз.

  5.  КР Генералдык прокуратурасынан;  2018- жылдын 24- ноябрындагы өткөн элдик курултайда кабыл алынган “А.Атамбаев өзү иштеп жүргөн жылдарда бийликти узурпациялап алган”-деген чечимин кайрадан карап чыгуу талабын коебуз. 

  6. КР Президенти С.Ш.Жээнбековдон, ЖКтен;  Мамлекеттин коопсуздугунун сакталышына, анын бүтүндүгүнүн бузулушуна коркунуч жаратууга жол берген КР нын Премьер министри М.Абылгазиевдин, КР күч органдарынын куратору вице- Премьер министр Ж.Разаковдун, УКМКнын жетекчиси О.Опумбаевдин, ИИМдин министри К.Жунушалиевдин жана КР Башкы Прокурору Ө. Жамшитовдун мындан ары өз кызматтарында иштеп турууга моралдык укуктарын  карап чыгып, 2019- жылдын 7-8- августунда башталып бүгүнкү күнгө      чейин токтобой келаткан коомдогу оор кырдаалдын түзүлүшүнө себепкер болушкан бул жетекчилердин өз милдеттерин аткаруудагы кетирген шалаакы аракеттерине  мыйзамдык баа берилишин талап кылабыз.

  7. КР Башкы Прокурору;-2019- жылдын 7-8- августындагы Кой-Таш жана Арашан айылдарындагы болгон окуяда элди тынчтандырууда ашыкча мыйзамсыздыктарга барып, карапайым элге ар кандай күч колдонууга жол берген жана бүгүнкү күнгө чейин эл арасында нааразычылыгын жаратууга түрткү болгон ИИМдин жанаУКМКнын ошол операцияны жетектеген бөлүмдөрдүн жетекчилеринин иш аракетине мыйзамдык  иликтөө ишин жүргүзүүнү сунуштайбыз.

  8.  КР Прездиенти С. Жээнбековго 2019-жылдын 7-8 августундагы Кой-Таш жана Арашан айылдарындагы   окуяга байланыштуу кармалган жараандардын кылмыш иштери терен анализделип, өтө мыкаачылык мүнөздөгүлөрүнөн башкаларынын кылмыш иштери кыскартылышы жана жоюлушун сунуш кылабыз. Бул айылдардын тургандарын куугунтуктоо таптакыр токтотулушун камсыз кылуусун талап кылынат.


  9.  ИИМ нин генералы К.Асановго карата козголгон кылмыш иши ИИМгинин ички ишиндеги тартипти жана кызматтык эрежени сактоонун жок экенин көрсөттү. Көп жылдар бою ИИМде иштеген генаралдын оор айып менен күнөлөнүшү ИИМгинин ишине абийир алып келбесин белгилейбиз.

     10.  КР Президенти С.Ш. Жээнбековго; 2019- жылдын 7-8- августагы   болгон окуялар УКМК жана ИИМдин ишин толугу менен карап чыгып аталган күч органдарында чечкиндүү реформаларды жүргүзүү керкетигин көрсөттү. Дүйнөлүк саясий абал тынч эмес. Күтүүсүз террордук аракеттердин өлкө ичинде болушунан бир да мамлекет сактана албайт. Өлкөдө күтүүсүздөн курч кырдаал түзүлсө бул күч органдары  каршы  чара көрүшөрүнө ишеним аз экенин белгилө менен, аталган тармактарда токтоосуз реформа иштерин баштоону сунуштайбыз.

  11. Мамлекеттин мамлекеттүлүгүнүн бүтүндүгүнө шек келтирген, өлкөдөгү туруксуз абалдын түзүлүшүнө жеткизген КСДП партиясынын мындан ары да мыйзамдуу иш жүргүзүүгө, саясий ишин улантууга мыйзамдык укугу барбы? Мындай партия мамелекетте саясий иш алпарууга моралдык укугу жок деп эсептейбиз.  Биздин сунушту карап чыгып мыйзамдуу жагын тактап, коомчулукка  жооп берүү талабын коебуз.

  12.  КР Жогорку Кеңешинде бүгүнкү күнгө чейин КСДП партиясынын фракциясы бийликтин партиясы катары  көпчүлүктүн колициясын башкарып демек мамлекеттик бийликтин жогорку бутагында отурат.  Буга алардын моралдык укуктары жок деп эсептейбиз. КСДП партиясы токтоосуз көпчүлүктүн коалициясын башкарууну токтотушун талап кылабыз.

  13.  КР Генаралдык прокуратурасы, УКМК; - Күтүүсүз чыккан чек ара чатактарынын, Матраимовдорго байланыштырылган журналистерди сабоолордун түпкү максаты коомдогу тынчтыкты бузууну көздөгөн жокпу? Эмне үчүн ушул өңдүү окуялар байма-бай чыгып жатат? Бул иш аракеттердин артында кандайдыр бир күчтөр турган жокпу? Бул иштерге Матраимовдордун  канчалык тиешеси бар? Провакация болсо, кимдер кызыктар болуп жатат? Ушул маселелерди тыкыр изилдеп, чукул арада коомчулукка билгизүүлөрү зарыл деп эсептейбиз.

    2019- жылдын 7-8- августунда Чүй облустунун Аламүдүн районунун, Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү кол коюп, аталган кортундуну жыйынтыктайт;








Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады