Бардык жаңылыктар

ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз партиянын Бишкек шаарында өткөн жыйынында сүйлөп жатып, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек экенин айтты. Депутат бийлик соттун акыйкат өтүшүнө шарт түзбөсө, коомдук сот уюштуруу демилгесин көтөрдү.



"Ошол сот дагы бийлик тарабынан кандайдыр бир курал катары пайдаланылып жатат. Дегеле, партиянын багытына кандайдыр бир деңгээлде таасир берүүчү механизм катары колдоном деген ою болсо, анда биз коомдук сот чакырабыз", - деди Садык Шер-Нияз.

Депутат коомдук сотко мурдагы президент, өкмөт башчылар, парламент жетекчилери, сот, прокурорлорду чакырып, партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин териштирүүгө барышарын айтты.

“Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясында съезддерге делегаттарды, шаардык уюмдун төрагасын, шаардык уюмдун саясий кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлоо өттү. Партиянын республикалык съезди 20-мартка белгиленди.

Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...