Бардык жаңылыктар

ИИМ: Министр Кашкар Жунушалиев 12 жашар Данил Браилкинди уурдашкан кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармоого катышкан ыкчам кызматкерлерди сыйлады

Бүгүн, 12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Данил Браилкинди уурдашкан кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармашкан ыкчам кызматкерлерди сыйлады.
Ички иштер министринин буйругу менен кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарышкандыгы жана профессионалдуулугу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн зор салымдарын кошкондору үчүн, андан сырткары коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш иштеринин бетин ачышкан Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкери түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланышты.
Эскертебиз, 2019-жылдын 9-апрель күнү, болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” ооруканасынын алдына белгисиз азиат улутундагы адамдар оор абалдагы жарандарды таштап кетишкен. Эркек адамдардын денесинде сабалгандан калган жаракаттар болуп, абалы оор болгондуктан, эстерине келбей каза болушкан. Милиция кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгүн ыкчам такташып, кармашкан.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Бишкек ШИИББдин, Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарышып, кыска убакыттын ичинде оор кылмыштын бетин ачышкандыгы үчүн сыйлады.
– “Каармандык” медалы менен Бишкек ШИИББдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Амангулов Нурлан Амангулович сыйланды;
– “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын майору Токолдошев Чынгыз Жолтоевич сыйланды.
– “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын майору Учбаев Айзатбек Бактыбекович сыйланды.
– “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын капитаны Кудайбергенов Уланбек Кудайбергенович сыйланды;
– “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалы менен Бишкек ШИИББдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын лейтенанты Курманалиев Каныбек Мелисович сыйланды.
Эскертебиз, 2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кант шаарынан Данил Браилкин аттуу баланы уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташып, коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш ишин жасашкандарды кармашкан.
– “Каармандык” медалы менен Чүй ОИИББдин КМКнын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын подполковниги Джоробеков Алтынбек Тагайбекович сыйлданды;
– “Каармандык” медалы менен Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин КМКнын жашы жете элек өспүрүмдөр иштөө боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын лейтенанты Жумабеков Кенжебек Аскарбекович сыйланды;
“Кыргыз милициясы 90 жыл” медалдары менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:
– Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын подполковниги Иманалиев Чынгызбек Замирбекович;
– Чүй ОИИББдин КМКнын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын капитаны Айдаргазиев Ринат Болотканович;
– Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин Ново-Пакровка МАБнын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери милициянын ага лейтенанты Өткүлбеков Айбек Токтосунович;
– ИИМдин башчысы кызматтык милдеттерин так аткарып, жогорку профессионалдуулукту көрсөтүшкөндүгү үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. “ИИМдин КМКнын, Бишкек ШИИББдин, Чүй ОИИББдин сабаттуу, профессионалдуу жана кылдаттык ишиңердин натыйжасында оор кылмыш иштеринин бетин ыкчам ачып, шектүүлөрдү кармадыңар”-деп министр Кашкар Джунушалиев билдирди.
Андан сырткары, милициянын ыкчам кызматтарынын кызматкерлеринин ишинин жыйынтыгынан кылмыш иштеринин бети ачылат, кылмышкерлерди кармайт деген жарандардын ишеними көз каранды болот. Ушул жыйынтыкка жетүү үчүн жеке убакытыңар менен эсептешпестен, өмүрүңөрдү коркунучка салып, ишиңерге толук кызмат кыласыңар деп министр айтты жана кызматкерлердин чеберчилик мектеби үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.
ИИМдин башчысы бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады