Бардык жаңылыктар

Бишкекте балдарга арналган "Обон" музыкалык кароо сынагы өтөт

 Бишкекте биринчи жолу балдар арасында "Обон" музыкалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо сынак "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылынын алкагында өткөрүлүүдө.

Сынакка 5 жаштан 15 жашка чейинки жаш таланттар катыша алышат. 29-февралга башталган кароо сынактын жыйынтыгы 5-мартта чыгат.

"Сынактар фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча өтүп, кенже жана улук группаларга бөлүнүп, 2 тур менен жыйынтыкталат", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чараны аталган министрлик Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби менен чогуу уюштурууда.

Кароо сынактын негизги максаты - кесипкөй балдар музыкалык мектебинин билим берүүсүн өнүктүрүү жана өстүрүү, сактоо, балдардын чыгармачылык изденүүсүн аныктоо жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү. Таланттуу жаш музыканттарды өлкөнүн маданий иш-чараларына активдүү катышууга тартуу, көндүрүү, аткаруучулук чеберчилигин жогорулатуу жана сактоо болуп саналат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады