Бардык жаңылыктар

Ой-тообо, ɵз кызматынын аталышын билбеген жетекчилер бар экен

Кечээ күнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, депутаттар транспорттук кɵзɵмɵл жайларына салмак-кɵлɵмдү кɵзɵмɵлдɵɵ процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, ага Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов пара бергени үчүн камакка алынгандан кийин, анын ордуна орун басары Касымаалы уулу Арслан жыйынга катышып жаткан. Ал эргул депутаттардын суроосуна так жооп бере албай мукактанганда, эл ɵкүлдɵрүнүн бири ачууланып: «Ɵзү сиз иштеп жаткан кызмат кандай аталат?» деди эле, кашайгыр Арслан билбей койду. Ɵзү иштеген мекеменин аталышын атай албай койду. Бул факты - мамлекетти чиритип жаткан тааныш-билиш менен кызматка орношуунун накта далили болду. Ɵлкɵбүз ушундайлардын айынан ɵбɵктɵп, ɵнүкпɵй жатканы чын. Депутаттар да ɵзүнүн кызматын кандай аталышын билбеген адамдар кантип иштеп жатканына таң калышып, «тез арада мындай кызматкерди иштен алыш керек. Жетекчиси кармалып жатса, мындайлар да алардын арасында кошо отурушу керек» дешти. Ɵкмɵт ɵкүлүнɵ кайрылып, «премьер-министрге айтып барыңыз», - деп айтышты. Эми Ɵкмɵт башчысы депутаттардын үнүн угабы же буга чейин боло келгендей орун басар экенине карап, ɵз кызматы кандай аталарын билбеген адамды жетекчи кылып дайындап жиберип шерменде кылар бекен? Күспүрүштү күтɵ туралык. 

Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады