Бардык жаңылыктар

Ибраев эмнеге ɵзү тууралуу айтылган сын-пикирге жооп бере албай мукактанат?

Саматбек Ибраев деген инсанды таанысаңыз керек. Учурда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси. Улуу манасчы «Саякбай» фондун түзүп, манасчыларды колдоого алып келе жатканын билебиз. Мына ушул Самат мырза тууралуу жакында ММКларга бир материал жарык кɵрдү. Сынга алган. Анда айтылгандай, Саматбек Ибраев 2007-жылдан бери Кыргызстандын аймагында курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатууну колго алып келе жаткан «Строймир» компаниясынын бир акционери Шабданов Майрамкулду сызга отургузуп, кууп чыгыптыр. Тагыраагы, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчигине тартып алуу аракетин кɵрүп жатканы ММКларда кеңири айтылууда. Кɵрсɵ, 2010-жылдан 2018-жылга чейин “Строймир” ЖЧКда склад башчы болуп Шабдановдун тууганы иштептир. Ибраев бул жагдайды текке кетирбей арамзалык кылып, ага карата курулуш материалдарын жана акча-материалдык ресурстарды чыгарып кетүү боюнча жалган жалаа жапкан. Ал эми Шабдановдордун Финполиция, прокуратура, ички иштер органдарына жазган арыздарын караттырбай, иштерди тыптыйпыл кылганга кусамат уруп келет. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинде отурган адамдын бул жоруктарына кандай түшүнсɵк болот? Баса, бул окуяны текшерүү учурунда Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевдин кылмышка тишеси бар экени аныкталып, сыртынан эки айга сизого камакка алынганы айтылат. Чын эле уулу Данияр Ибраев аталган компаниянын кассасынан эбегейсиз чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып, белгисиз жакка куйругун түйгɵнү чынбы? Азырынча жооп жок. Кызыгы, Данияр Ибраев атасынын ɵнɵктɵшү Шабдановду гана эмес, дагы бир жарандын акчасын алдап, сызга отургузуп кеткенин PR-технологиялар боюнча адис Азим Азимов айтып чыкты. Мындан улам элди сыздатып, капчыгын калыңдаткан Саматбек Ибраевдин жогорку кызматта иштɵɵгɵ моралдык укугу барбы деген суроо туулат. Ошол эле учурда бул боюнча пикир сурап ɵзүнɵ байланышканыбызда, «кайра чалам» деген боюнча кумга сиңген суудай эле жок болду. Андан кийинки телефон чалууларыбызга жооп берген жок. Албай кутулду. Демек, артында калдыраган калбыры бар үчүн буйтактап качып атат да. Болбосо, түз берилген суроого түз жооп берип койгондон неге качат?! Алдыда али чоң сɵз болчудай…   

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады