Бардык жаңылыктар

Ипотека менен үй алыш үчүн олчойгон айлыкты каяктан табабыз?

Элмира Абжапарова деген «айым-пааша» жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты, үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак-жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканы эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКке барган жарандарыбыздан дароо эле, «үй-бүлөдө канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар?» -деп сурайт экен. Алар маянасын айтаары менен: «Силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экен» деген орой жообун берип, жолго салат экен. Кызык, азыр мамлекеттин ал-ахвалы баарына дайын, бюджеттин көзүн карагандарда МИК талап кылгандай чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге көнбөйбү? Элге шарт түзбөй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар?

Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады